Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-декабры № 320
Дары-дармек каражаттарына базистик баалар жөнүндө токтому
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-февралындагы №149, 2015-жылдын 18-февралындагы № 69, 2017-жылдын 15-майындагы № 273 , 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 546, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-февралындагы № 72 токтомдорунун редакциясына ылайык)
«Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Дары-дармек каражаттарына базистик бааларды эсептөөнүн методикасы;
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы жана Баштапкы деңгээлдеги мамлекеттик кепилдиктердин программасы боюнча орду толтурулуучу дары-дармек каражаттарына базистик баалар.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду эки айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыккан чараларды көрсүн.
3. «Дары-дармек каражаттарына базистик бааларды эсептөөнүн методикасы» тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2000-жылдын 12-июнундагы № 186, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2000-жылдын 27-июнунда № 127 катталган буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-февралындагы №149 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-декабрындагы № 320 токтому менен бекитилген |
Дары-дармек каражаттарына базистик бааларды эсептөөнүн методикасы
Дары-дармек каражаттарына базистик бааны эсептөөнүн ушул методикасы стандарттык бир күндүк дозаны колдонуу менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштарынын негизинде иштелип чыкты жана бул методика дары-дармек менен жеңилдетип камсыз кылуу программаларын - Мамлекеттик кепилдиктер программасын жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасын ишке ашырганда, милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында үй-бүлөлүк медицина борборлору, үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору аркылуу алгачкы деңгээлде дары-дармек каражаттарга жарандардын чыгымдарынын ордун толтурууда колдонулушу мүмкүн.
1. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Стандарттык бир күндүк доза (Тhe Defined Daily Dose - мындан ары DDD) - бул ар бир активдүү ингредиент жана дары-дармек формасы үчүн аныкталган негизги көрсөткүчтөр боюнча колдонгондо дарыдармек каражаттын орточо суткалык дозасына туура келген чоңдук. Бул чоңдук эсептерде техникалык бирдик катары колдонулат.
Эсептик наркы - эсептердин негизине алынган дары-дармек каражаттын наркы.
1 DDDнын базистик наркы - эсептик жол менен аныкталган бир DDDнын наркы.
Базистик баа - 1 DDDнын базистик бааны колдонуп аныкталган дары-дармек каражаттын наркы, анын негизинде кайтарып берүү баасы аныкталат.
Кайтарып берүү деңгээли - дары-дармек каражаттын кайтарып бериле турган базистик баасынын бир бөлүгү.
Кайтарып берүү баасы - белгилүү дары-дармек формадагы жана дозадагы дары-дармек каражатка кайтарып бериле турган баа.
2. Стандарттык бир күндүк дозалардын наркын эсептөө
1. Дары-дармек каражаттардын (мындан ары - ДК) эсептик наркы базистик баа аныктала турган мезгилге чейинки кварталда айрым жеткирүүчү Кыргыз Республикасына алып кирген ДКга болгон чекене баалардын орточолонгон чоңдуктары катары аныкталат:
| n |
|
РСлс = 1/n | E РСi | (1), |
| i=1 |
|
PCлс - бир кварталга айрым жеткирүүчүнүн ДКга болгон орточо эсептик наркы;
n - эсептерге негиз катары алынган мезгилдеги айлардын саны;
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 299 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2010-жылдын 9-декабры № 320