Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

ТОКТОМУ

2010-жылдын 24-декабры № 338

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жѳнγндѳ жобону бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-январындагы №9, 2012-жылдын 11-июнундагы № 388, 2012-жылдын 15-октябрындагы № 717, 2014-жылдын 6-майындагы № 245 2014-жылдын 25-августу № 482, 2014-жылдын 19-ноябры № 658, 2015-жылдын 2-июну № 338, 2016-жылдын 2-августундагы № 426, 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 570, 2017-жылдын 14-июнундагы № 374, 2017-жылдын 16-июну № 379 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобо;

- (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-октябрындагы № 717 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын штаттык саны 198 бирдик санында белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-январындагы №9, 2012-жылдын 11-июнундагы №388, 2014-жылдын 6-майындагы № 245, 2015-жылдын 2-июну № 338 2016-жылдын 2-августундагы № 426, 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 570, 2017-жылдын 14-июнундагы № 374, 2017-жылдын 16-июну № 379 токтомдорунун редакциясыяларына ылайык)

3. Кыргыз-Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министри:

- үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын штаттык расписаниесин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин бекитүүсүнө киргизсин;

- эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин бекитүүсүнө киргизсин.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-августундагы № 426 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-ноябрындагы №681 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратын кайра уюштуруу жөнүндө» токтому;

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-ноябрындагы №681 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратын кайра уюштуруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-ноябрындагы № 697 токтому;

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-ноябрындагы № 681 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратын кайра уюштуруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 736 токтому.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз-Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрине жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-августундагы № 426 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

 

Премьер-министри

 

А. Атамбаев

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын  24-декабрындагы № 338 токтому менен бекитилген

 (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-октябрындагы № 717 токтомуна ылайык күчүн жоготту)