Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 24-декабры № 339

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтомуна  өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы № 805 токтомунун төртүнчү - жыйырма экинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

А. Атамбаев

 

Тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы

 

Момуналиев Н.С.

- Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;

 

Фаттахов Б.А.

- Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).

 

Комиссиянын мүчөлөрү:

 

Мамидинова Ч.К.

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу;

 

Абдыгулов Т.С.

- Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу;

 

Бекишов У.Д.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;

 

Байжуманов Д.Б.

- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);

 

Четимбаев С.Т.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;

 

Искандаров А.К.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкмөттүн чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн региондук проблемалар секторунун эксперти;

 

Намазов К.Ш.

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин экономика тармактарын каржылоо башкармалыгынын начальниги;

 

Плоских В.М.

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);

 

Акматалиев А.А.

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун директору (макулдашуу боюнча);

 

Катанаева Л.Д.

- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын геодезиялык көзөмөл жана техникалык контролдоо бөлүмүнүн начальниги;

 

Касымалиев А.К.

- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы «Кыргызгипрозем» мамлекеттик жер жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институтунун директору;

 

Асанакунов Б.Ж.

- Кыргыз Республикасынын Муниципалитеттер ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

 

Абдырахманов К.К.

- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын аскердик-топографиялык кызматы бөлүмүнүн начальниги;

 

Конюхов А.Г.

- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин геология жана маалыматтык ресурстар башкармалыгынын начальниги.