Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-декабры № 344
Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча республикалык деңгээлдеги комиссиясы жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы № 450, 2012-жылдын 5-июлундагы № 476, 2013-жылдын 1-июлундагы № 395, 2018-жылдын 16-майындагы № 238, 2020-жылдын 12-июнундагы № 331 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын иштешин камсыз кылуу, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуунун оперативдүүлүк даражасын жогорулатуу максатында, ошондой эле "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча республикалык деңгээлдеги комиссиясы түзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча республикалык деңгээлдеги комиссиясынын курамы жана ал жөнүндө жобо бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары Жарандык коргонуу боюнча облустук, райондук жана шаардык комиссияларды түзүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун, уюмдарынын жана ишканаларынын жетекчилери Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү тармактык жана объектилик комиссияларды түзүшсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-мартындагы № 156 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 67-пункту.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30 декабрындагы № 344 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча республикалык деңгээлдеги комиссиясынын курамы
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2010-жылдын 30-декабры № 344