Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 7-майы УӨ №43

Камбар-Ата ГЭС-2нин курулушу жөнүндө

(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы УӨ №74 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Камбар-Ата ГЭС-2нин курулушун үзгүлтүксүз жүргүзүүнү камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондунан 1230,0 (бир миллиард эки жүз отуз) миллион сом суммасындагы каражат капиталдык салымдарды жана Камбар-Ата ГЭС-2нин курулушун каржылоо үчүн республикалык бюджетке которулсун.

(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы УӨ №74 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

"капиталдык салымдар" беренеси боюнча каралган каражаттардын эсебинен Камбар-Ата ГЭС-2нин курулушу үчүн "Электр станциялары" ААКга 1230 млн. сом өлчөмүндө төмөнкүдөй шарттарда бюджеттик кредит бөлсүн:

- бюджеттик кредитти жоюу мөөнөтү - 2030-жылдын 25-декабры;

- жеңилдик берилген мезгил - проценттерди эсептебестен 5 жыл;

- кредитти пайдалануу үчүн проценттик ставка - жылына 3 процент;

"Электр станциялары" ААК менен күрөөлүк камсыздоосуз бюджеттик кредитти кайтаруу шарттары боюнча белгиленген тартипте карыздык милдеттенме түзсүн;

"Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизсин.

3. Камбар-Ата ГЭС-2нин курулушун каржылоонун төмөнкүдөй графиги белгиленсин:

2010-жылдын майы - 350 млн. сом;

2010-жылдын июну - 350 млн. сом;

2010-жылдын июлу - 300 млн. сом;

2010-жылдын августу - 230 млн. сом.

4. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги:

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте 400 млн. сом өлчөмүндөгү бөлүп берилген бюджеттик каражаттарды "Электр станциялары" ААКнын уставдык капиталына салым катары тариздөө маселесин иштеп чыксын;

"Электр станциялары" ААК менен бирдикте 2010-жылдын 31-августуна карата Камбар-Ата ГЭС-2нин биринчи агрегатын ишке киргизүү боюнча куруу-монтаждоо иштеринин календардык планын иштеп чыксын жана бекитсин;

башкы подрядчы менен бирдикте бөлүнгөн каражаттардын өздөштүрүлүшүн камсыз кылсын;

"Электр станциялары" ААК тарабынан ушул токтомдун 2-пунктунда белгиленген мөөнөттө эсептелген проценттери менен бюджеттик кредиттин кайтарылышын камсыз кылсын.

5. "Электр станциялары" ААК:

"Камбар-Ата ГЭС-2нин" ачык акционердик коомдун уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак катары мамлекеттик каттоосун жараксыз деп таануу боюнча зарыл чараларды көрсүн;

"Камбар-Ата ГЭС-2" ААКнын бардык активдерин "Электр станциялары" ААКка кайра берсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине тапшырылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

 

Р.Отунбаева