Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-февралы № 59
Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-декабрындагы № 669, 2016-жылдын 30-июнундагы № 363 , 2018-жылдын 14-декабрындагы № 581 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 129-беренесине ылайык, кайтарылуучу адамдардын жеке коопсуздугун, ошондой эле атайын автоколонналарды коштоодо (эскорттоодо) коопсуздукту камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-декабрындагы № 581 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмеси (мындан ары - Тизме), 1-тиркемеге ылайык;
- Атайын автотранспорт каражаттарынын алдынкы каптал айнектерин күңүрттөөгө (жабууга) уруксат алуунун тартиби, 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-февралындагы № 72-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2006-жылдын 28-мартындагы № 72 «Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишинин болушун талап кылган автотранспорт каражаттарынын ээлеринин тизмесин аныктоо боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө» буйругу, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 28-мартында катталган, каттоо номери 26-06.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
1-тиркеме
Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын ТИЗМЕСИ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-февралы № 59
Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-декабрындагы № 669, 2016-жылдын 30-июнундагы № 363 , 2018-жылдын 14-декабрындагы № 581, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 194-беренесине ылайык, кайтарылуучу адамдардын жеке коопсуздугун, ошондой эле атайын автоколонналарды коштоодо (эскорттоодо) коопсуздукту камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-декабрындагы № 581 КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомдорунун редакциясына ылайык)