Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 726 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2011-жылдын 9-марты № 101
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрвнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн CITES •конвенциясы колдонулбоочу объекттерин Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка алып чыгууга, CITES конвенциясы колдонулчу жаныбарлар жана өсүмдүктөр түрлөрүн, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын Кыргыз Республикасына алып келүүгө, андан алып чыгууга уруксат берүү боюнча регламентин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 24-октябрындагы № 464 "Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-февралындагы № 76 "Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "Бирдиктүү терезе" иринцибин киргизүү долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси жөнүнде", 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 509 "Лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүнде ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө" токтомдорун ишке ашыруу чегинде, ышкы соодалык операциялар боюнча мамлекеттик кызматтарды дрсөтүүдө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү максатында Кыргыз гспубликасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн CITES конвенциясы колдонулбоочу объекттерин Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка алып чыгууга, CITES конвенциясы колдонулчу жаныбарлар жана өсүмдүктөр түрлөрүн, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын Кыргыз Республикасына алып келүүгө, андан алып чыгууга уруксат берүү боюнча келген peг ламенти (мындан ары - Регламент) бекитилсин.
2. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн CITES конвенциясы колдонулбоочу объекттерин Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка алып чыгууга, CITES конвенциясы колдонулчу жаныбарлар жана өсүмдүктөр түрлөрүн, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын Кыргыз Республикасына алып келүүгө, андан алып чыгууга уруксат берүүнү жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги ушул бекитилген Регламентти жетекчикке алсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн 2011-жылдын 9-мартындагы №101 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн CITES конвенциясы колдонулбоочу объекттерин Кыргыз Республикасынын чегннен сыртка алын чыгууга, CITES конвенциясы колдонулчу жаныбарлар жана осүмдүктор түрлорүн, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын Кыргыз Республикасына алып келүүгө, андан алын чыгууга уруксат берүү боюнча регламент
Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чейрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттнк агенттиктин жаныбарлар жана есүмдүктөр дүйнөсүнүн CITES конвенциясы колдонулбоочу объекттерин Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка алып чыгууга, CITES конвенциясы колдонулчу жаныбарлар жана өсүмдүктөр түрлөрүн, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын Кыргыз Республикасына алып келүүгө, андан алып чыгууга уруксаттар берүунү жүзөгө ашыруу боюнча сунушталган регламента (мындан ары -Регламент) уруксаттарды алуу тартибин аныктайт жана аларды берүү тартибин белгилейт.
2. Бул Регламентте пайдаланылчу негизги түшүнүктөр: