КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-апрелиндеги № 233 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2011-жылдын 6-апрели № 141
Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын кызматкерлерин аттестациялоодон өткөрүү тартиби жөнүндө типтүү жобону жана аттестациялоодон өтүүчү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 289 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 197-беренесин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын кызматкерлерин аттестациялоодон өткөрүү тартиби жөнүндө типтүү жобо;
- Аттестациялоодон өтүүчү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин кызмат орундарынын тизмеси.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 141 токтому менен бекитилген |
Ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын аттестациялануучу кызматкерлеринин кызмат орундарынын ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 289 токтомунун редакциясына ылайык)
Башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын, департаменттердин, борборлордун, инспекциялардын, бөлүмдөрдүн, кызматтардын, цехтердин, секторлордун, бюролордун, топтордун, бригадалардын, участкалардын, токой питомниктеринин, музейлердин, станциялардын, чарбалардын начальниктери (башчылары) жана алардын орун басарлары.