Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2011-жылдын 17-майы № 235

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын январь-март айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө

Орто мөөнөттүү келечекте өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүшү үчүн базалык шарттарды түзүү жана 2011-жылга коюлган милдеттерге жетүү боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын ишинин келечектүү багыттарын аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын январь-март айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө тиркелген маалымат көңүлгө алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы (макулдашуу боюнча) менен бирдикте инфляциянын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган, макулдашылган бирдиктүү акча-кредиттик жана бюджеттик-салык саясатын жүргүзүшсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

А. Атамбаев