Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 776 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы N 264 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы N 78, 2012-жылдын 27-сентябрындагы N 657, 2014-жылдын 17-июнундагы № 337, 2015-жылдын 2-декабрындагы № 820, 2016-жылдын 25-февралындагы № 81, 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740, 2020-жылдын 10-августундагы № 415 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

I. Жалпы жоболор

1. Ушул Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби жана паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик балдар-өспүрүмдөрдүн спорттук мектебине (мындан ары - БӨСМ), олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебине (мындан ары - ОРАБӨМ), балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектебине (мындан ары - БӨСАМ) жана паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектебине (мындан ары - ПРБӨМ) колдонулат.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомунун редакциясына ылайык)

2. БӨСАМ, ПРБӨМ, ОРАБӨМ, БӨСМ юридикалык жак болуп саналат, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекеме статусуна ээ болот жана төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

- балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын ден соолугун чыңдоого жана алардын дене тарбиясы жагынан ар тараптуу өнүгүшүнө багытталган дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана тарбия берүү;

- окуучуларды дене тарбия жана спорт менен туруктуу машыгууга тартуу, окуу жайларына спорттук мектептерде жүзөгө ашырылган спорттун түрлөрү боюнча усулдук жана спорттук-массалык ишти уюштурууга ар тараптан жардам көрсөтүү;

- зээндүү балдарды жана өспүрүмдөрдү адистештирилген спорт менен машыгууга (туруктуу машыгуу процессинде) тартуу үчүн табуу;

- спортсмендерди Олимпиялык жана Азия, Паралимпиадалык, Азиялык пара оюндарына, чемпионаттарга, кубокторго, Дүйнөнүн жана Азиянын биринчиликтерине жана башка расмий эл аралык мелдештерге даярдоо жана ийгиликтүү чыгаруу;

- алдыңкы спортсмендердин чеберчиликтерин өркүндөтүү.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортту башкаруу боюнча республикалык мамлекеттик органдын ДЮСШга спорттун колдоого алынган түрү боюнча спортту өркүндөтүүнүн кеминде 4 тобу жана жогорку спорттук чеберчиликтин бир тобу болсо Олимпиялык резервдин статусу 4 жылга берилет.

Паралимпиадалык резервдеги статусту ыйгаруу үчүн БӨСАМга ушундай эле талаптар коюлат.