Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2011-жылдын 26-июлу № 415
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин атайын эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, кызматкерлердин иштеши жана аларды социалдык жактан коргоо боюнча зарыл болгон шарттарды түзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин атайын эсеби жөнүндө жобо бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 415 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Атайын эсепти түзүү булактары