Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 250 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 3-августу №442

Катталуучу (кайра катталуучу) юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) аталышын алдын ала текшерүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө

"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Катталуучу (кайра катталуучу) юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) аталышын алдын ала текшерүүнүн тиркелген тартиби бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

А. Атамбаев