КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-августу № 451
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы №181, 2012-жылдын 28-майындагы № 323, 2013-жылдын 30-майындагы № 302, 2013-жылдын 8-июлундагы № 403, 2016-жылдын 13-декабрындагы № 669 токтомдорунун редакциясына ылайык)
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны;
- райондук маанидеги шаарлардын мэрияларынын аппараттарынын типтүү түзүмү жана штаттык саны;
- облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын аппараттарынын типтүү түзүмү жана штаттык саны.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын өзгөртүүгө байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен каралаары белгиленсин.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына атайын каражаттардын же башка каржылоо булактарынын эсебинен кармоо үчүн штатка кызматкерлерди алууну токтото туруу сунушталсын.
4. Райондук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органына - шаар башкармалыгын шаар мэриясына өзгөртүп кайра түзүү сунушталсын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 726 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 383 «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтомунун 5-пункту.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2011-жылдын 5-августундагы № 451 токтому менен бекитилген |
Айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык САНЫ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 403 токтомунун редакциясына ылайык)
┌─────────────────────┬───────────────────────────────────────────────┐
│ Кызматтардын │ Калктын санына жараша штаттык сан │
│ аталышы │ (миң адам) │
│ ├─────┬─────┬─────┬─────┬─────┬─────┬─────┬─────┤
│ │2ге │2ден │5ден │7ден │10дон│15тен│20дан│25тен│
│ │чейин│5ке │7ге │10го │15ке │20га │25ке │жого-│
│ │ │чейин│чейин│чейин│чейин│чейин│чейин│ру │
├─────────────────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Айыл өкмөтүнүн │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │
│башчысы │ │ │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Башчынын орун басары │ - │ - │ - │ - │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │