Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 8-августу № 454
Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 707, 2013-жылдын 26-июлундагы № 419, 2015-жылдын 13-июлундагы № 481, 2017-жылдын 3-февралындагы № 68, 2017-жылдын 24-августундагы № 525, 2020-жылдын 24-январындагы № 29, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12, 2024-жылдын 17-январындагы № 11, 2024-жылдын 22-октябрындагы № 638, 2025-жылдын 9-июнундагы № 324, 2026-жылдын 28-сентябрындагы № 646 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
“Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартиби;
- Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүү үчүн белгиленген транспорт каражаттарынын максималдуу уруксат берилген салмак-габариттик параметрлери;
- Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын, атайын транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартиби;
- (Бешинчи абзац Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-июлундагы № 481 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу транспорт каражаттарынын, атайын транспорт каражаттарынын автомобиль жолдоруна келтирген зыянынын жана залалынын өлчөмүн белгилөөнүн жана ордун толтуруунун тартиби;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын периметри боюнча жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы транспорттук контролдоо пункттарынын (ТКП) тизмеси;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы салмак габарит контролдоо пункттарынын (СГКП) тизмеси.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-июлундагы № 481, 2017-жылдын 3-февралындагы № 68, 2020-жылдын 24-январындагы № 29, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12, 2024-жылдын 17-январындагы № 11 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр “1-пункттун алтынчы жана жетинчи абзацтарындагы”, тексттеги абзацтардын нумерациясына дал келбейт
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2004-жылдын 23-июнундагы З № 1658-II “Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча оор салмактуу жана ири көлөмдүү транспорттук каражаттарды өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 1-ноябрындагы № 799 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-апрелиндеги № 283 “Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан оор салмактагы жана чоң габариттеги транспорт каражаттарынын өткөнү үчүн жыйымдарды алуу жөнүндө” токтому.
3. Бул токтом 2012-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.