Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 10-августу № 459
Райондун мамлекеттик администрация башчысына - акимге квалификациялык талаптар жана аны дайындоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Райондун мамлекеттик администрация башчысына - акимге квалификациялык талаптар жана аны дайындоо тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык беш күндүк мөөнөттө райондун мамлекеттик администрация башчысы - аким кызматына дайындоо үчүн сунушталуучу талапкер жөнүндө чечимди райондук кеңештин депутаттарынын кабыл алуусунун типтүү тартибин аныктасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-августундагы № 459 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2011-жылдын 10-августу № 459