Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 570 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 22-августу №477

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №121 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө жобо бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №121 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине караштуу Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борбору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине караштуу Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун укугун мурастоочу болуп санала тургандыгы белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №829 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине караштуу Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

А.Атамбаев

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын  22-августундагы № 477 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Ден соолугунун мүмкүнчү лүктөрү чектелүү адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №121 токтомунун редакциясына ылайык)

I. Жалпы жоболор

 

II. Борбордун максаты жана милдеттери

III. Борбордун функциялары

IV. Борбордун укуктары

V. Борбордун ишин уюштуруу

VI. Борборду каржылоо

VII. Борборду өзгөртүп түзүү жана жоюу

I. Жалпы жоболор

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине караштуу Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун (мындан ары - Борбор) ишинин укуктук жана уюштуруу негиздерин аныктайт.

2. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Борбор өзүнө бекитип берилген мүлк жагынан оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, Борбордун уюштуруу-укуктук формасы - мамлекеттик мекеме.