Редакцияот 24.08.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 24-августу № 502

Абды Сүйеркуловдун элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Абды Сүйөркуловдун элесин түбөлүккө калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги менен бирдикте Абды Сүйөркуловдун бюстун Кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүлөрдүн аллеясына (Бишкек шаары, Эркиндик бульвары) орнотсун.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

А.Атамбаев