Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 29-ноябры №740

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы №473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын ишин оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы №473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесине эскертүүнүн 3-пункту "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына," деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом 2011-жылдын 23-августунан тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

А. Атамбаев