Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-мартындагы № 169 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2011-жылдын 17-октябры № 641
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 791 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык жумуштарды жүргүзүү борбору жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык жумуштарды жүргүзүү борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын өркүндөтүү, алардын ишинин натыйжалуулугун жана сапатын арттыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 791 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык жумуштарды жүргүзүү борбору жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пунктунда:
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык жумуштарды жүргүзүү борборунун «бюджеттик булактардан каржылануучу кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө тиркелгөн жобо;»;
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык жумуштарды жүргүзүү борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө үчүн тиркелген тарифтик торчо.»;
токтом Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык жумуштарды жүргүзүү борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө үчүн ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы тарифтик торчо менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык жумуштарды жүргүзүү борборунун бюджеттик булактардан каржылануучу кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
ушул Жобонун бүткүл тексти боюнча:
ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү «бирдиктүү тарифтик торчо» дегөн сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү «тарифтик торчо» деген сөздөргө алмаштырылсын;