Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 151 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2011-жылдын 13-декабры № 755
2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-сентябрындагы N 526 токтомунун редакциясына ылайык)
Республиканын калкын социалдык өнүктүрүүгө, турмуш деңгээлин турукташтырууга жана жогорулатууга бирдиктүү багытты жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген 2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясы (мындан ары - Стратегия) бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары:
- Стратегияны турмушка ашыруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- Стратегияны турмушка ашыруу үчүн кураторлук кылган багыттар боюнча иш-чаралардын ведомстволук пландарын эки жумалык мөөнөттө иштеп чыгышсын жана бекитишсин;
- Стратегияны аткаруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча, отчёттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен маалымат берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар менен бирдикте «Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Стратегияны турмушка ашыруу үчүн кошумча каражаттар тууралуу сунуштарды киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги:
- «Кыргыз Республикасынын Социалдык коргоо боюнча координациялык кеңеши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун үч айлык мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
- Стратегияны турмушка ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчётту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ар бир жарым жылдыктын жыйынтыктары боюнча, 1-августтан жана 1-февралдан кечиктирбестен берип турсун;