Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 150 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-марты № 174
Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканаларына заказдарды жайгаштырууга жооптуу мамлекеттик заказчылардын тизмесин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395, 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 токтомунун редакциясына ылайык)
«Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2 жана 3-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканаларына заказдарды жайгаштырууга жооптуу мамлекеттик заказчылардын тизмеси тендердик тооруктардын жол-жобосун колдонбостон тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканаларына заказдарды жайгаштырууга жооптуу мамлекеттик заказчылардын тизмеси
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395, 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
6. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги;
7. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги;
8. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
10. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;
11. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги;
12. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
13. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги;