Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 23-марты № 198

Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясы жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-октябрындагы № 581 токтомунун редакциясына ылайык)

Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу институттарынын потенциалын өстүрүүгө, вертикалдык жана горизонталдык башкарууну жогорулатууга багытталган аткаруучу бийликтин натыйжалуу, бүтүн жана ачык тутумун өлкөдө калыптандыруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 "2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында аныкталган мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрдык потенциалын чыңдоо, толук кандуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелерин чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-октябрындагы № 581 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Бекитилсин:

1-тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясы (мындан ары - Концепция);

2-тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө жобо.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик бир айлык мөөнөттө Концепцияны ишке ашыруу боюнча пландын долбоорун Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясын ишке ашыруу боюнча координациялык кеңештин бекитүүсүнө белгиленген тартипте киргизсин.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-октябрындагы № 581 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, мамлекеттик бийликтин башка органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- Концепцияны ишке ашырууга ар тараптуу жардам көрсөтүшсүн;

- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-октябрындагы № 581 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-октябрындагы № 581 токтомунун редакциясына ылайык)

4. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-октябрындагы № 581 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө, мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө тапшырылсын.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-октябрындагы № 581 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ө. Бабанов

1-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 198 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясы

 

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-октябрындагы № 581 токтомунун редакциясына ылайык)

I. Кириш сөз

Акыркы жылдарда Кыргызстанда мамлекеттик жана коомдук жашоонун көптөгөн чөйрөлөрүндө реформалар жүргүзүлүүдө. Коомдо мамлекеттин, анын функцияларынын ролун, борбор менен региондордун ортосундагы мамилени жаңыча түшүнүүнүн тенденциялары байкалууда. Ошол эле учурда кечиктирилгис социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү, калктын жашоосунун сапатын жана деңгээлин жакшыртуу үчүн натыйжалуу мамлекеттик бийликтин болушу зарыл. Алдыда боло турган администрациялык-аймактык реформа биринчи кезекте мамлекеттик башкаруунун оптималдуу тутумун түзүүгө багытталат. Тажрыйба көрсөткөндөй, бул узакка созулуучу, татаал иш болуп эсептелет, ал бүткүл коомдун күч-аракетин талап кылат. Ошол эле учурда шашылыш жана ойлонулбаган чечимдер олуттуу экономикалык жана социалдык жоготууларга алып келиши мүмкүн.

Республикада администрациялык-аймактык реформаны өткөрүүнүн, анын ичинде аймактык бирдиктерди ирилештирүүнү, башкаруу борборлорунун жайгашуучу жерлерин тандоону, калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткиликтүү кылууну, жаңы администрациялык-аймактык бирдиктерди финансылык камсыздоону эске алуу менен өткөрүүнүн зарылдыгы бышып жетилди.

Администрациялык-аймактык реформаны иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун максаты болуп региондордун потенциалын күчөтүүгө жана калктын жашоосун жакшыртууга багытталган мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү эсептелет.

Бул максаттарга жетишүү үчүн төмөнкү маселелерди чечүү каралат:

- мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун түзүмүндөгү бирин-бири кайталоону жоюу, алардын ишинин натыйжалуулугун көтөрүү, бюджеттик сарптоолорду кыскартуу;