Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-марты № 210
Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун шашылыш кабыл алуу, тариздөө, текшерүү жана берүү боюнча акы төлөмө кызматтар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун шашылыш кабыл алуу, тариздөө, текшерүү жана берүү боюнча акы төлөмө кызматтарга бааларды төмөндөтүү, ыктыярдуу акы төлөмө негизде, тездетилген тартипте Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун шашылыш кабыл алуу, тариздөө, текшерүү жана берүү боюнча акы төлөмө кызматтарга тарифтин прейскуранты тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-сентябрындагы № 350-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Тиркеме
Паспорттун түрү | Шашылыштык деңгээли | Аткаруу мөөнөтү (иш күндөр) | Бирдик үчүн баа (евро) |
Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карточка) | Шашылыш | 8 | 18 |
Өзгөчө шашылыш | 4 | 20 | |
Өтө шашылыш, Бишкек шаары боюнча | 2 | 22 | |
Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту (чет өлкөгө чыгуу паспорту) | Шашылыш | 8 | 30 |
Өзгөчө шашылыш | 4 | 35 | |
Өтө шашылыш, Бишкек шаары боюнча | 2 | 40 |
Эскертүү: баалар паспортту даярдоо боюнча кызматтын наркын кошпостон, Кыргыз Республикасынын аймагында азыркы мезгилде колдонулуудагы бардык салыктарды эске алуу менен келтирилди.
Акы төлөө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында акы төлөө күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча жүргүзүлөт.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 690 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ