Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 29-октябры № 752

2013-жылдагы статистикалык иштердин программасы жөнүндө

"Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2013-жылдагы статистикалык иштердин программасы (мындан ары Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин жетекчилери:

- мамлекеттик статистиканын тийиштүү органдарына статистикалык жана администрациялык маалыматтарды Программада каралган мөөнөттө беришсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-майындагы № 313 "Кыргыз Республикасынын техникалык-экономикалык жана социалдык информациясын классификациялоонун жана код берүүнүн бирдей системасын өнүктүрүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын техникалык-экономикалык жана социалдык информациясын классификациялоонун жана код берүүнүн бирдей системасынын негизинде ведомстволук маалыматтык базасынын көрсөткүчтөрүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтык базасына шайкеш келүүсүн камсыз кылышсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги статистикалык иштерди 2013-жылдагы республикалык бюджетте каралган Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин каражаттарынын чегинде каржыласын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн Аппаратына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев