КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2012-жылдын 10-февралы № 85
Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 643, 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 179, 1 июля 2013 года № 395, 2013-жылдын 27-августундагы № 468, 2014-жылдын 10-февралындагы № 80, 2014-жылдын 17-мартындагы № 144, 2014-жылдын 15-майындагы № 259, 2014-жылдын 18-ноябры № 655, 2015-жылдын 26-марты № 160, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191, 2016-жылдын 4-августундагы № 430, 2017-жылдын 17-январындагы № 20, 2017-жылдын 3-февралындагы № 63, 2017-жылдын 10-майындагы № 258, 2017-жылдын 15-майындагы № 279, 2017-жылдын 23-июнундагы № 406, 2017-жылдын 2-октябрындагы № 639, 2017-жылдын 23-ноябрындагы № 769, 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 177, 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 552, 2019-жылдын 29-июлундагы № 372, 2019-жылдын 18-октябрындагы № 559, 2020-жылдын 9-июнундагы № 318, 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 496, 20 января 2021 года № 15, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августу № 125, 2022-жылдын 18-февралындагы № 86,КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрели № 194, 14-апрелиндеги № 215, 2022-жылдын 31-майындагы № 289, 2022-жылдын 23-сентябрындагы N 520, 2022-жылдын 14-декабрындагы № 674, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 , 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 229 , 2023-жылдын 10-июлундагы №345 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеси) (мындан ары - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри) тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 20 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери:
- ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин 2012-жылдын 1-июнунан тартып жетекчиликке алышсын;
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине киргизилбеген акы төлөмө мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө жол беришпесин.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 643, 2017-жылдын 17-январындагы № 20 токтомунун редакциясына ылайык)
2-1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөөрү жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу монополияга каршы мамлекеттик органы менен макулдашкандан кийин бекитилээри белгиленсин. Акы төлөөнүн негизиндеги билим берүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет жана бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 643, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191 токтомдорунун редакциясына ылайык)
22. Бланктык продукциялардын, документтерди тираждоонун, сатылуучу маалымат материалдарынын наркы иш жүзүндөгү сарптоолорго жараша наркты көбөйүү жагына сомго чейин тегеректөө менен белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 643, 2015-жылдын 26-марты № 160 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2-3. Өзгөчө жеңилдик режими каралган аймактарда акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кирген калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмеге ылайык акысыз же жеңилдетилген шартта көрсөтүлө тургандыгы белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Мамлекеттик органдардын, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жана ведомстволук мекемелеринин жетекчилери Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кирбеген мамлекеттик акы төлөмө кызматтарды көрсөткөн учурда жеке жоопкерчилик тартышат.