Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-февралы № 88
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-январындагы № 43, 2013-жылдын 23-декабрындагы № 697, 2014-жылдын 10-февралындагы № 79, 2014-жылдын 5-декабры № 691, 2015-жылдын 2-июлу № 434 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна ылайык жана аткаруучу бийликтин органдарын реформалоо жүргүзүлүп жатканына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
аталган токтомдун 1 жана 5-тиркемелери ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин.
аталган токтомдун 2-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"
┌──┬─────────────────────────────────────────────────────┬────────────┐
│9 │Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик │ 25 │
│ │комиссиясы │ │
└──┴─────────────────────────────────────────────────────┴────────────┘
"
2. Төмөнкүлөрдө кызматкерлердин штаттык саны этап-этабы менен кыскартылсын:
- (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 691 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-декабрындагы № 697, токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияда, айрым функциялар боюнча иш жүргүзүү токтотулганына байланыштуу, 2012-жылдын биринчи жарымынын аягында - 9 орунга;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда, пенсия системасын автоматташтырууга байланыштуу, эки этап менен:
2012-жылдын 1-мартынан баштап - 30 орунга;
2015-жылдын 1-январынан баштап - 121 орунга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында эки этап менен:
2012-жылдын 1-мартына чейин - 83 орунга;
(Онунчу абзац КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 2-июлу № 434 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-январындагы № 43, 2014-жылдын 10-февралындагы № 79 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2014-жылдын 1-октябрына чейин Жол чарба департаментин реформалоону бүтүрсүн жана 400 орунду кыскартуу менен аны башкаруунун жаңы схемасынын долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-январындагы № 43, 2014-жылдын 6-июнундагы № 316 токтомдорунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Тамак-аш, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция ведомствонун 2013-жылдын I жарымындагы ишинин жыйынтыгы боюнча инспекторлордун чектеш функцияларын өркүндөтүү (кошуу) менен мамлекеттик инспекциялоо системасын оптималдаштыруу боюнча (штаттык санды кыскартуу менен), ошондой эле текшерүү иштерин жүргүзүүдө тобокелдерди баалоонун негизинде текшерүүлөрдү пландоо үчүн мыйзамдык базаны киргизүү боюнча сунуш киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-январындагы № 43 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызмат Кыргыз Республикасынын "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамына ылайык авторлорго жана чектеш укуктардын ээлерине "Автордук коом" коомдук бирикмесин түзүүгө жардамдашсын жана автордук жана чектеш укуктарды коллективдүү башкаруу функциясы жаңы түзүлүп жаткан "Автордук коом" коомдук бирикмесине өткөрүлөөрүнө байланыштуу аны түзүп бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматынан борбордук аппаратынан 9 орунду кыскартсын.
6. Министрликтер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар:
- структурасын жана штаттык санын бир айдын ичинде ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- мамлекеттик органдарды өзгөртүп түзүүнүн жана ишин оптималдаштыруунун жүрүшүндө бошотулчу кызматкерлерди ишке орноштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизишсин;
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге тапшырылсын.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ