Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-майы № 268
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешти түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 570 , 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 600, 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 459, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 363 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Эркектер жана аялдар үчүн бирдей укуктардын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 600, 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 459, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 363 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамы 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жобосу 2-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 600, 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 459, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 363 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Ө.Бабанов |
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 20-ноябрындагы № 705
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2012-жылдын 2-майы № 268