Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2012-жылдын 14-августу № 562

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-апрелиндеги № 135 "Үчүнчү муундагы "3G "WCDMA\UMTS" мобилдүү байланышын ишке киргизүү маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Мамлекеттик бюджетти толуктоо жана үчүнчү муундагы "3G "WCDMA\UMTS" мобилдүү байланышын өнүктүрүүгө дем берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-апрелиндеги № 135 "Үчүнчү муундагы "3G "WCDMA\UMTS" мобилдүү байланышын ишке киргизүү маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункттагы "он беш күндүк мөөнөттө" деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов