Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-августундагы № 581 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2012-жылдын 16-августу № 570
Кыргыз Республикасынын алыскы райондорунда, чакан шаарларында жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарында иштеген дарыгерлерге кошумча түрткү берүү чаралары жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-августундагы № 454 токтомунун редакциясына ылайык)
Жогорку медициналык билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн жана жаш дарыгерлерди саламаттык сактоо уюмдарында бекитүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-августундагы № 454 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарында иштеген дарыгерлерге кошумча түрткү берүү программасы (мындан ары - Программа) 1-тиркемеге ылайык;
- Алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарында иштеген жаш дарыгерлерди кошумча түрткү берүү программасын аткаруу боюнча типтүү келишим 2-тиркемеге ылайык.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-августундагы № 454 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2013-жылдын 1-январынан тартып Программаны ишке ашырууга керектүү каражаттарды республикалык бюджетте жыл сайын караштырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- 2024-жылдын 1-июлунан тартып республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги үчүн "Эмгек акы" жана "Социалдык фондго төгүмдөр" беренелери боюнча каралган ассигнованиелердин чектеринде Программа боюнча келишим түзгөн жана конкурстан өткөн дарыгер иштеген саламаттык сактоо уюмунун депозиттик эсебине Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөрдү эсепке алуу менен квартал сайын 66000 (алтымыш алты миң) сомдон которуп турсун;
- Программа боюнча келишим түзүү укугуна дарыгерлердин жана медициналык билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн арасында конкурс жарыяласын;