Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 525 токтому менен бекитилген

Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августундагы № 485, 2015-жылдын 26-марты № 159, 2017-жылдын 1-августундагы № 456, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 305  токтомдорунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Бул жобо камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарынын өз милдеттерин жана тапшырмаларын аткаруу үчүн алардын компетенттүүлүк, квалификациялык ак ниеттүүлүк деңгээлине ылайык коюлуучу квалификациялык талаптарды белгилейт.

2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдары

2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдары төмөнкүлөр болуп саналат:

- аткаруу органынын жеке же коллегиялуу жетекчиси;

- коллегиялуу аткаруу органынын мүчөлөрү;

- башкы бухгалтер жана ички аудитор.

3. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруу ишин жүргүзүү жана өздөрүнүн иш милдеттерин аткаруу үчүн, бул Жободо белгиленген квалификациялык талаптарга ылайыктуулугун, Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын (мындан ары ыйгарым укуктуу орган) макулдугунан өтүүсү зарыл.

Макулдашуу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:

- камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары жаңы түзүлгөндө камсыздандыруу ишин жүргүзүүгө укук берүүчү лицензияны алуу үчүн;

- камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын кызмат адамдарынын курамы өзгөргөн учурда.

3. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу негизги квалификациялык талаптар

4. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдары жогорку билимге, компетенцияга, тажрыйбага жана стажга ээ болушу керек.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-августундагы № 456 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдары Кыргыз Республикасында таанылган жогорку билимге ээ болушу керек.