Загрузка документа…
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-августундагы № 531 токтому менен бекитилген
Имараттарга энергетикалык сертификациялоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025- жылдын 2-июнундагы №309 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Имараттарга энергетикалык сертификациялоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) имараттарга энергетикалык сертификациялоо процессинде колдонулуучу бирдиктүү эрежелерди, жалпы талаптарды жана жол-жоболорду камсыз кылууга багытталган.
1.2. Ушул Жобо төмөндөгүлөрдү аныктайт:
- жаңы имараттар жана энергетикалык реновация жүргүзүлгөн имараттар үчүн энергетикалык натыйжалуулукка минималдуу талаптарды;
- имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүн жана имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун классын аныктоо боюнча эрежелерди;
- имараттарга энергетикалык сертификациялоо жүргүзүүнүн тартибин;
- имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун эсебинин эрежелерин;
- имараттардын энергетикалык натыйжалуулук класстарын аныктоо принциптерин.
1.3. "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жаңы имараттар, энергетикалык реновация ишке ашырылып жаткан имараттар алардын энергетикалык натыйжалуулугунун эң төмөнкү талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
1.4. "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 2 пунктуна ылайык турак жай, коомдук, административдик жана көп функционалдык имараттар төмөндөгүдөй учурларда милдеттүү түрдө энергетикалык сертификациянын объектиси болуп саналат:
- долбоорлоодо жана курууда;
- пайдаланууга берүүдө;
- энергетикалык реновацияда.
1.5. Бардык калган учурларда имараттарды энергетикалык сертификациялоо ыктыярдуу негизде ишке ашырылат.
1.6. Кыргыз Республикасында имараттарды энергетикалык сертификациялоону квалификациялык сертификаты бар адис жүргүзөт.