Загрузка документа…
| Тиркеме |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 184, 2015-жылдын 23-декабрындагы № 870, 2018-жылдын 29-мартындагы № 169 , 2018-жылдын 31-декабрындагы № 644, КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 110 , 2026-жылдын 10-мартындагы № 170 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ушул Электр энергиясын пайдалануу эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Жарандык кодекске, "Энергетика жөнүндө", "Электр энергетикасы жөнүндө", "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана электр энергиясын керектөөчүлөрдүн, электр менен жабдуучу жана электр берүүчү уюмдардын өз ара мамилелерин аныктайт.
Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын бардык аймагында колдонулат жана электр энергиясын иштеп чыгаруу, берүү, бөлүштүрүү, сатуу же керектөө, ошондой эле электр энергиясын эсептөө каражаттарын долбоорлоо жана куроо боюнча иш жүргүзгөн, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү.
1. Ушул Эрежелерде төмөнкү терминдер, аныктамалар жана кыскартуулар колдонулат:
Карап сооту - ишкана жарым-жартылай же толук токтотулганда адамдардын коопсуздугун, жабдуулардын сакталышын, караптык жана контролдоо жарыгын, желдетүү, суу агызуу, агынды чыгаруу, жылытуу тутумундагы циркуляциялык соркыскычтардын жана өрт коопсуздугу каражаттарынын ишин камсыз кылуучу эң аз кошулган кубаттуулук же электр энергиясынын сарпталышы.
Энергетика тутумун караптык жеңилдетүү - Кыргыз Республикасынын Улуттук энергетика тутумунун ишинин туруктуулугунун бузулушун жана электр жабдууларынын зыян тартуусун алдын алуу үчүн электр керектөө кубаттуулугу азайтылган энергетика тутумунун иш тартиби.
Электр энергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташтырылган тутуму (мындан ары - ЭКЭАТ) - автоматтык режимде электр энергиясына коммерциялык эсептөө жүргүзүү, коммерциялык эсепке алуунун маалыматтарын берүү, алардын кайрадан тактап чыгуу, аныктыгына берилген баага карап, маалыматтар менен алмашуу мүмкүнчүлүгүн берген адистештирилген, метрологиялык сыналган техникалык каражаттардан, программалык каражаттардан, байланыш каражаттарынан жана тиешелүү кызматкерлердин топтомунан турган тутум. ЭКЭАТ электрондук кол коюуну кошуп, документтештирүү тутуму менен толукталышы мүмкүн.
Блок-чордон - Кыргыз Республикасынын Улуттук энергетика тутумунун электр тарамдарына түздөн-түз же башка керектөөчүлөрдүн электр тарамдары аркылуу кошулган жана анын диспетчердик башкаруусуна баш ийген керектөөчүнүн электр чордону.
Тиричилик абоненти (керектөөчү) – энергия менен жабдуу келишими боюнча энергияны жеке тиричилик муктаждыктары үчүн пайдаланган жаран.
Менчик же баланстык таандыктагы чеги – ээлердин (пайдалануучулардын) ортосунда электр менен жабдуу тутумун бөлүү сызыгы.
Пайдалануу жоопкерчилигинин чеги – Кыргыз Респбликасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген жана келишимде көрсөтүлгөн талаптагыдай техникалык абалды жана анын элементтеринин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жоопту ээлердин (пайдалануучулардын) ортосунда электр менен жабдуу тутумун бөлүү сызыгы.
Пайдалануу жоопкерчилигинин чөлкөмү – жеке менчик чеги (баланстык таандыктагы) менен пайдалануу жоопкерчилигинин чегинин ортосунда жайгашкан электр менен жабдуу тутумунун бөлүгү.
Келишим (Контракт) - субъекттердин ортосундагы укукту, милдетти жана жоопкерчиликти аныктаган, электр менен жабдуу, жеткирүү, сатуу жана берүүгө түзүлгөн макулдашуу.
Кошумча шарттар Кыргыз Республикасында энергетика жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминен кийин гана колдонулат.