Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

2012-жылдын 19-октябры № 729

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 514 "Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн долбоорлорду тандоо жана бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы комиссия жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 514 "Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн долбоорлорду тандоо жана бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы комиссия жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн долбоорлорду тандоо жана бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы комиссиянын курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

 

Ж.Сатыбалдиев

"1-тиркеме

Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн долбоорлорду тандоо жана бекитүү

боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы комиссиянын

КУРАМЫ

- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын финансы министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары;