Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

ТОКТОМУ

2012-жылдын 23-октябры № 743

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 733 токтомдун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 125 "Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу жободо:

- 1.1-пункттун төртүнчү абзацында "жана жарандыгы жок адамдар" деген сөздөр алып салынсын;

- 1.1-пунктча төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"- аймактык бөлүм - ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген компетенциянын чегинде өз ишин жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү.";

- 2.1-пункттун төртүнчү абзацында "жана жарандыгы жок адамдар" деген сөздөр алып салынсын;

- 4.1-пунктта "социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрүнө" деген сөздөр "аймактык бөлүмгө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 6.2-пункттун биринчи абзацында "жана жарандыгы жок адамдар" деген сөздөр алып салынсын;

- 6.3-пункттун 2-пунктчасында "жана жарандыгы жок адамдар" деген сөздөр алып салынсын;

- бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөр" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "аймактык бөлүм" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелеринде:

- 215-пункттун биринчи абзацында "(эгерде жашы жете элек мүлктүн менчик ээси болуп саналса, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн - арыз түрүндөгү макулдугу, эгерде жашы жете элек негизги ээси болуп саналса - райондук администрациянын токтому түрүндөгү уруксаты) үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн" деген сөздөр "(эгерде жашы жете элек мүлктүн менчик ээси же негизги ээси болуп саналса, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн - арыз түрүндөгү алдын ала уруксаты) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 215-пункттун үчүнчү абзацында "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмүнүн" деген сөздөр "балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 231-пунктта "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн уруксаты" деген сөздөр "балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн алдын ала уруксаты" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 733 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

 

Ж. Сатыбалдиев