Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-январы № 5
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу эвакуациялык комиссиянын маселелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 871, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомунун редакциясына ылайык)
Нормативдик укуктук базаны "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу эвакуациялык комиссиянын тиркелген курамы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-апрелиндеги №159 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу эвакуациялык комиссия жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу эвакуациялык комиссия жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- бүткүл текст боюнча "жарандык коргонуу" деген сөздөр "Жарандык коргоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пункттун а) пунктчасында:
биринчи абзацтагы "Экология министрлигинин жарандык коргонуу штабы менен жана" деген сөздөр "министрлик менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзац "иштеп чыгат" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
сегизинчи абзац "министрликтер," деген сөздөн кийин "мамлекеттик комитеттер," деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пунктта:
экинчи жана төртүнчү абзацтар "министрликтер" деген сөздөн кийин "мамлекеттик комитеттер," деген сөз менен толукталсын;
тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзгөчө кырдаалдар аймактарынан калкты, материалдык жана башка баалуулуктарды эвакуациялоо боюнча сунуштарды киргизүүгө, ал эми кийинкиге калтырууга болбогон учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кийин маалымат берүү менен эвакуациялоо жөнүндө өз алдынча чечим кабыл алууга.";
- 9-пунктта:
экинчи абзац "ортосунда" деген сөздөн кийин "орун басарлары жана" деген сөздөр менен толукталсын;
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эвакуациялык иш-чараларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жарандык коргоо начальнигине өз убагында билдирет.";
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Эвакуациялык комиссиянын төрагасынын орун басарлары шаардын сыртындагы зонаны эвакуациялык иш-чараларды аткарууга даярдоону уюштуруу үчүн, ошондой эле эвакуациялык комиссиянын башкаруунун башка органдары менен өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу үчүн түздөн-түз жооп берет.";
- 11-пункттагы "көрсөтүү" жана "анын орун басарына" деген сөздөр тийиштүүлүгүнө жараша "көрсөтүлөт" жана "анын орун басарларына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 12-пункттагы "анын орун басары" деген сөздөр "анын орун басарлары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 14-16-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Эвакуациялык комиссиянын иши өзгөчө шарттарда Кыргыз Республикасынын калкын эвакуациялоо пландарына ылайык уюштурулат.
15. Өзгөчө кырдаал пайда болгон учурдан тартып эвакуациялык комиссия иштин үзгүлтүксүз режимине өтөт, ал эвакуациялык комиссиянын төрагасы тарабынан анын мүнөзүнө жана масштабдарына жараша белгиленет.
16. Жарандык коргонуунун "Толук" даярдыгы даражасын киргизүү менен эвакуациялык комиссия Кыргыз Республикасынын Жарандык коргоо боюнча Ведомстволор аралык комиссиясы менен бирге жайгашат.";
- 17-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эвакуациялык комиссияда "Жогорулатылган" Жарандык коргонуунун даярдыгы даражасы киргизилгенге чейин ("Жогорулатылган даярдык" режиминин иштөөсү) төмөнкүдөй документтер болууга тийиш:";
үчүнчү абзацтагы "учурдагы" деген сөз алып салынсын;
- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорулатылган" Жарандык коргонуунун "Толук" даярдыгы даражасын киргизүү менен ("Жогорулатылган даярдык" режиминин иштөөсү) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эвакуациялык комиссияга Кыргыз Республикасынын калкын эвакуациялоонун тийиштүү пландары келип түшөт.".
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-октябрындагы №676 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу эвакуациялык комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
7. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 670 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2011-жылдын 5-январы № 5