Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 670 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2011-жылдын 5-январы № 5

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу эвакуациялык комиссиянын маселелери жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 871, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомунун редакциясына ылайык)

Нормативдик укуктук базаны "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу эвакуациялык комиссиянын тиркелген курамы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-апрелиндеги №159 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу эвакуациялык комиссия жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу эвакуациялык комиссия жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- бүткүл текст боюнча "жарандык коргонуу" деген сөздөр "Жарандык коргоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 7-пункттун а) пунктчасында:

биринчи абзацтагы "Экология министрлигинин жарандык коргонуу штабы менен жана" деген сөздөр "министрлик менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;

экинчи абзац "иштеп чыгат" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;

сегизинчи абзац "министрликтер," деген сөздөн кийин "мамлекеттик комитеттер," деген сөздөр менен толукталсын;

- 8-пунктта:

экинчи жана төртүнчү абзацтар "министрликтер" деген сөздөн кийин "мамлекеттик комитеттер," деген сөз менен толукталсын;