КР Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 3546-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-январындагы № 75-IV токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде мыйзам долбоорлорун адистештирилген экспертизаларынын айрым түрлөрүнөн өткөрүү боюнча СТАНДАРТТАР
1-бөлүм. Жалпы Жоболор
2-бөлүм. Комитеттин жана эксперттин укуктары менен милдеттери
3-бөлүм. Экспертизага коюлуучу талаптар
4-бөлүм. Экспертиза уюштуруунун тартиби
5-бөлүм. Экспертиза корутундусу
Экспертиза боюнча терминдердин жана түшүнүктөрдүн глоссарийи
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде мыйзам долбоорлорун адистештирилген экспертизаларынын айрым түрлөрүнөн өткөрүү боюнча ушул стандарттар (мындан ары - Стандарттар) мыйзамдарды кароо жана кабыл алуу процессин сапаттуу экспертизалык камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
1-бөлүм Жалпы Жоболор
1.1 Стандарттардын колдонуу чөйрөсү
Ушул Стандарттар:
1) укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы жана экологиялык адистештирилген экспертизаларды (мындан ары - экспертиза) өткөрүүнүн тартибин белгилейт;
2) экспертизаларды өткөрүүдөгү милдеттүү талаптарды аныктайт;
3) экспертизаларды өткөрүү чөйрөсүндө кесипкөй терминдерди аныктайт.