КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-февралы № 52
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785, 2024-жылдын 24-декабрындагы № 786, 2025-жылдын 30-апрелиндеги №245 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле аскердик кызмат өтөөнү тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 306 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 7-пункттун экинчи абзацындагы "36" цифралары "18" цифраларына алмаштырылсын;
- 9-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"9. Альтернативдик кызмат өтөө альтернативдик кызмат өтөөчүлөр тарабынан чакырылган жери боюнча райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине акчалай төгүмдүн төлөнүшүн карайт.
Альтернативдик кызматка чакырылгандар үчүн акчалай төгүмдүн өлчөмү альтернативдик кызматтын бардык убактысы үчүн 180 эсептик көрсөткүчтү түзөт. Алардын ичинен 20 пайызы атайын каражаттарга салык төлөгөндөн кийин мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине которулат. Ар бир кварталдын ичинде акчалай төгүмдүн жалпы өлчөмүнүн алтыдан бир бөлүгүнөн кем эмеси төлөнүүгө тийиш.";
- 10-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"10. Альтернативдик кызматка чакырылган жарандардан түшкөн акча каражаттары окуу жыйындарын өткөрүүгө, окуу-материалдык базаны өркүндөтүүгө, аскер кызматчыларын социалдык коргоону жогорулатууга, аскер кызматчыларын сыйлоого жана өкүлчүлүк чыгымдарды төлөөгө жумшалат.";
- 24-пункттун биринчи абзацындагы "коргоо министринин" деген сөздөр "коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 27-пунктта:
экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
үчүнчү абзацындагы "майып" деген сөз "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 29-пункттагы "майып" деген сөз "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 509 "Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: