КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-февралы № 52
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785, 2024-жылдын 24-декабрындагы № 786, 2025-жылдын 30-апрелиндеги №245, 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 545 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле аскердик кызмат өтөөнү тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 545 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 509 "Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
- бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "Коргоо министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункттун биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги (мындан ары - Коргоо министрлиги)" деген сөздөр "Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын; "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик күзөт органдары (мындан ары - мамлекеттик күзөт органдары)" деген сөздөр алып салынсын;
- 4-пунктта:
"а" пунктчасындагы "17" жана "27" цифралары "16" жана "25" цифраларына алмаштырылсын;
"б" пунктчасынын алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- алгачкы аскердик жыйындардан өткөндөр;";
"в" пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын;
он экинчи абзацындагы ", мамлекеттик күзөт органдарынын" деген сөздөр алып салынсын;
он жетинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
жыйырма биринчи абзацындагы ", мамлекеттик күзөт органдарынын" деген сөздөр алып салынсын;
жыйырма экинчи абзацындагы "ченемдик-укуктук" деген сөздөр алып салынсын;