Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2013-жылдын 15-февралы № 73

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломаттык өкүлчүлүктөрүнө, консулдук мекемелерине жана аларга теңештирилген эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүн кошкондо алардын кызматкерлерине кошумча нарк салыгын кайтарып берүү тартиби жөнүндө жободо:

- 17-пунктундагы "DOC STI - 010 формасында (2-тиркеме)" деген сөздөр алып салынсын;

- жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын.

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Өкмөтүнун 2017-жылдын 18-декабрындагы N 816 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-январындагы № 23 "Көчмө текшерүүнүн материалдарын кароонун натыйжалары боюнча салык органынын чечиминин формасын бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

5. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

6. Бул токтом 2013-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.