Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 7-майы № 254
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жол-жобосун жакшыртуу жана өркүндөтүү, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана кыймылсыз мүлккө укукту коргоо боюнча кызматтарды көрсөтүүнүн ачык-айкындыгын камсыздоо, Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлккө укукту жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо маселесин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелеринде:
- Эрежелердин 8-главасынын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "сатып алуучу" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "укукту кабыл алуучу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пунктта:
үчүнчү абзацтагы "ким экендигин тастыктаган" деген сөздөр "ким экендигин күбөлөндүргөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жетинчи абзацта "укук ээсинин өзгөргөндүгү тууралуу маалыматтарды киргизүү үчүн" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"Кыймылсыз мүлк бирдигине укуктар жана укуктарга чектөөлөр тууралуу укук белгилөөчү документ, арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүргөн документ (сүрөтү бар баракча), ишеним каттар, юридикалык жактын уюштуруу документтери, кадастрдык план, курулуш планы электрондук архив түзүү үчүн сканерленүүгө тийиш";
- 9-пунктта:
сегизинчи абзацы "документтин номерин коет" деген сөздөрдөн кийин ", жарандын жеке идентификациялык номуру бар болсо, арыздагы тийиштүү графаны милдеттүү түрдө толтурат" деген сөздөр менен толукталсын;