Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 22-марты № 142

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

"Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- преамбуласындагы "4-беренесинин 6-пунктуна" деген цифралар жана сөздөр "4-беренесине" деген цифрага жана сөзгө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген мамлекеттик алымдын ставкаларында:

5-пункттун "а" - "г" пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин:

"

┌────────────────────────────────────────────┬────────────────────────┐

│а) фамилиясын,  атын, атасынын атын, жашаган│30 сом                  │

│жерин же улутун өзгөртүүгө байланыштуу  Кыр-│                        │

│гыз   Республикасынын   жаранынын  паспортун│                        │

│берүү үчүн,  жашаган  жери  боюнча  каттоодо│                        │

│турган жана жумушсуздук боюнча жөлөк пул ал-│                        │

│ган жумушсуз жарандардан (мындан ары  -  жу-│                        │

│мушсуз жарандар),  Кыргыз Республикасына ту-│                        │

│руктуу жашоо  үчүн  кайтып  келген  этностук│                        │

│кыргыздардан  (мындан ары - этностук кыргыз-│                        │

│дар) тышкары;                               │                        │

│б) жоголгон  же  жараксыз  болгон паспорттун│бир эсептик көрсөткүчтүн│

│ордуна Кыргыз Республикасынын жаранынын пас-│өлчөмүндө               │

│портун берүү үчүн, жумушсуз жарандардан, эт-│                        │

│ностук кыргыздардан тышкары;                │                        │

│в) фамилиясын,  атын, атасынын атын, жашаган│бир эсептик көрсөткүчтүн│

│жерин же улутун өзгөртүүгө байланыштуу  Кыр-│өлчөмүндө               │

│гыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык│                        │

│паспортун берүү үчүн,  жумушсуз жарандардан,│                        │

│этностук кыргыздардан тышкары;              │                        │

│г) жоголгон же  жараксыз  болгон  паспорттун│эки эсептик көрсөткүчтүн│

│ордуна Кыргыз Республикасынын жаранынын жал-│өлчөмүндө               │

│пы жарандык паспортун берүү  үчүн,  жумушсуз│                        │

│жарандардан, этностук кыргыздардан тышкары. │                        │

└────────────────────────────────────────────┴────────────────────────┘

".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев