Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 1-июлу № 395

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 550, 2014-жылдын 30-сентябры № 559, 2015-жылдын 30-марты № 170, 10 августа 2015 года № 564 2016-жылдын 25-мартындагы № 150, 2016-жылдын 30-мартындагы № 164, 2018-жылдын 29-январындагы № 56, 2018-жылдын 17-майындагы № 239 , 2019-жылдын 28-январындагы № 20 , 2019-жылдын 13-майындагы № 217, 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 157, 2021-жылдын 4-майындагы № 200, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 78, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264, 2022-жылдын 14-январындагы № 9, 2022-жылдын 11-мартындагы № 127, 2022-жылдын 25-мартындагы № 166, 2022-жылдын 30-мартындагы № 183, 2022-жылдын 24-июнундагы N 335, 2023-жылдын 21-январындагы № 32, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678, 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 , 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы N 2265-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине ушул токтомдун тиркемесине ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 5-июлунда № 56 жарыяланды

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2013-жылдын 1-июлундагы

№ 395 токтомуна

тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 550, 2014-жылдын 30-сентябры № 559, 2015-жылдын 30-марты № 170, 10 августа 2015 года № 564 2016-жылдын 25-мартындагы № 150, 2016-жылдын 30-мартындагы № 164, 2018-жылдын 29-январындагы № 56 , 2018-жылдын 17-майындагы № 239 , 2019-жылдын 28-январындагы № 20, 2019-жылдын 13-майындагы № 217, 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 157, 2021-жылдын 4-майындагы № 200, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 78, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264, 2022-жылдын 14-январындагы № 9, 2022-жылдын 11-мартындагы № 127, 2022-жылдын 25-мартындагы № 166, 2022-жылдын 30-мартындагы № 183, 2022-жылдын 24-июнундагы N 335, 2023-жылдын 21-январындагы № 32, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678, 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 , 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы N 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы N 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)

4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166, 2022-жылдын 24-июнундагы N 335 токтомдоруна ылайык күчүн жоготту)

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы N 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- преамбуласында:

"указдарын" деген сөз "Жарлыгын" деген сөзгө алмаштырылсын;