Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2013-жылдын 8-июлу № 403

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын түзүмүн жана штаттык санын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

- аталган токтом менен бекитилген айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген райондук маанидеги шаарлардын мэрияларынын аппараттарынын типтүү түзүмүндө жана штаттык санында:

"Сектор башчысы" позициясы күчүн жоготту деп табылсын;

"Башкы адис" позициясында:

"4", "5", "6" деген цифралар "5", "6", "7" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын аппараттарынын типтүү түзүмүндө жана штаттык санында:

"Сектор башчысы" позициясы күчүн жоготту деп табылсын;

"Башкы адис" позициясында: