Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

2013-жылдын 9-сентябры N 503

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы N 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85 жана 86-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы N 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

- 1- пунктта:

он биринчи абзац "(FORM STI-107)" деген сөздөрдөн жана цифралардан кийин "жана аны толтуруунун тартиби" деген сөздөр менен толукталсын;

төмөнкү мазмундагы жыйырма жетинчи абзац менен толукталсын:

- "2013-жылдын 20-февралына чейинки мөөнөт боюнча пайда салыгынын алдын ала суммасынын такталган эсеби";

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген пайда салыгынын алдын ала суммасынын эсебинин (FORM STI-107) формасы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;

- токтом төмөнкүлөр менен толукталсын:

ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык 2013-жылдын 20-февралына чейинки мөөнөт боюнча пайда салыгынын алдын ала суммасынын такталган эсебинин формасы менен;

ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык пайда салыгынын алдын ала суммасы боюнча отчетту (FORM STI-107) толтуруунун тартиби менен.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2013-жылдын 1-январынан баштап колдонулат.

"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 13-сентябрында N 75 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы N 503 токтомуна 1-тиркеме

 

"FORM STI-107

 

001

 

 

Баштапкы

 

 

 

 

 

 

Такталган

Пайда салыгынын алдын ала суммасынын ЭСЕБИ

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы N 503 токтомуна 2-тиркеме

 

"FORM STI-118

 

001

 

 

Такталган

 

 

 

2013-жылдын 20-февралына чейинки мөөнөт боюнча пайда салыгынын алдын ала суммасынын ТАКТАЛГАН ЭСЕБИ

 

 

3-тиркеме

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы N 503 токтому менен бекитилген