Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2013-жылдын 2-октябры № 545

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  корутундусу тууралуу

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары С.Нышанов, Т. Узакбаев, Э.Исаков, К.Самаков, А.Кочкорбаев, З.Бекбоев жана Р.Шин тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген  корутундусу жактырылсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-октябры  № 545 токтому менен жактырылган

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу

 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары С.Нышанов, Т. Узакбаев, Э.Исаков, К.Самаков, А.Кочкорбаев, З.Бекбоев жана Р.Шин тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкү корутундуга келди.

Жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары – КР СК)  259-беренесинин 2-бөлүгүнө финансылык ижара келишими (лизинг) боюнча импорттолгон теплицаларды кошумча нарк салыгын  (мындан ары – КНС) төлөөдөн бошотууну сунуштаган толуктоо киргизүү каралган.

259-берененин 1-бөлүгүнө ылайык, КНС төлөөчү катары катталган чарба субъекттери түздөн-түз өздөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттогон негизги каражаттар КНС төлөөдөн бошотулат.

Мында 259-берененин 2-бөлүгүндө бул берененин 1-бөлүгүндө каралган, бошотула турган негизги каражаттардын товардык позициялары саналып өтөт.

Буга байланыштуу жана 259-берененин 1-бөлүгүндө императивдүү ченем каралып, анын квалификациялоочу өзгөчөлүгү импорттоочу чарба субьектинин максаты – түздөн-түз өзүнүн өндүрүштүк максаты болгондуктан, 259-берененин 1-бөлүгүнүн жана 2-бөлүгүнүн ченемдери бири-бирине шайкеш келбей калат.