Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 30-декабры № 717

"Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2013-жылга бюджети жана 2014-2015-жылга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2013-жылга бюджети жана 2014-2015-жылга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2013-жылга бюджети жана 2014-2015-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2013-жылга бюджети жана 2014-2015-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2013-жылдын 3-майы, № 35-36) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 1-беренеде:

биринчи абзацындагы "35632015,5", "35871140,2", "239124,7" деген сандар жана "дефицитте" деген сөз тиешесине жараша "34806865,3", "34488992,2", "317873,1" деген сандарга жана "профицитте" деген сөзгө алмаштырылсын;

экинчи абзацындагы "32814278,2", "33053402,9", "239124,7" деген сандар жана "дефицитте" деген сөз тиешесине жараша "32094541,1", "31776668,0", "317873,1" деген сандарга жана "профицитте" деген сөзгө алмаштырылсын;

үчүнчү абзацындагы "1562311,6" деген сандар "1494680,0" деген сандарга алмаштырылсын;

төртүнчү абзацындагы "190665,1" деген сандар "181830,0" деген сандарга алмаштырылсын;

бешинчи абзацындагы "1064760,6" деген сандар "1035814,2" деген сандарга алмаштырылсын.

2. 4-беренеде:

биринчи абзацындагы "100" деген сандар "90" деген сандарга алмаштырылсын.

3. 5-беренеде:

биринчи абзацындагы "12902290,0" деген сандар "13049306,2" деген сандарга алмаштырылсын;

экинчи абзацындагы "7201993,7" деген сандар "6819096,6" деген сандарга алмаштырылсын;

үчүнчү абзацындагы "1779171,6" деген сандар "1747717,7" деген сандарга алмаштырылсын;