Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-апрели № 217
2012-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчету жактырылсын.
2. Аталган Отчет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 217 токтому менен жактырылган |
Бир катар өлкөлөрдөгү экономикалык өсүштүн басаңдашынын жана карыз кризисинин шарттарында экономикалык өсүштүн кескин төмөндөөсүнүн коркунучун, ошондой эле агрардык секторго таасир тийгизген татаал жаратылыш-климаттык факторлор жана Кум-Төр кенин иштетүү боюнча ишканалардагы өндүрүштүн көлөмүнүн олуттуу төмөндөшүнө алып келген геологиялык факторлор сыяктуу ички факторлордун өлкөнүн экономикасына тийгизген терс таасирин токтотуу 2012-жылдын натыйжасы болуп калды.
Кризистик кубулуштарга жана жагымсыз факторлордун таасирине каршы аракеттенүү боюнча чаралар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасында жана 2012-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралардын планында аныкталган 2012-жылга өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн маанилүү артыкчылыктарын ишке ашырууга багытталды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан экономиканы колдоо боюнча оперативдүү кабыл алынган компенсациялык чаралар экономиканын мындан аркы төмөндөөсүнө жол бербөөгө жана аны жылдын аягында 99,1%дын деңгээлинде кармап калууга мүмкүндүк берди.
Бюджеттин жалпы кирешелери 2011-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырганда 12,1%га көбөйдү жана 86,8 млрд. сомду түздү, анын ИДПга карата үлүшү 28,5% болду. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык саясатынын негизги багыттары өлкөнүн жарандарына социалдык кепилдиктер жөнүндө конституциялык жоболордун мамлекет тарабынан аткарылышына топтолуп, 2012-жылга белгиленген параметрлерге ылайык, мамлекеттин социалдык кепилдиктерин толук жана өз убагындагы каржылоо камсыздалды. Пенсияны эки этаптуу көтөрүү 2011-жылга салыштырганда пенсиянын өлчөмүн 14%га көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берди. 2012-жылда бир кызматкердин номиналдык орточо айлык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 10891 сомду түздү жана 2011-жылга салыштырганда 16,5%га көбөйдү, ал эми керектөө баасынын индексин эске алуу менен эсептелген анын реалдуу өлчөмү 13,3%га өстү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банкынын натыйжалуу аракеттери инфляциянын деңгээлин пландаштырылган 7-9%дын деңгээлинде кармап турууга мүмкүндүк берди.
2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аракеттери бизнес үчүн ишкердик чөйрөсүндө тоскоолдуктарды жоюуга жана жеңилдетүүгө, бизнестин тоскоолсуз өнүгүүсү жана чет өлкөлүк капиталдын өлкөгө келүүсү үчүн жаңы ченемдик укуктук актыларды түзүүгө жана кабыл алууга багытталды.
Ушуга байланыштуу лицензиялардын жана уруксаттардын 113төн ашык түрүн кыскартылды. Мамлекеттик органдардын-лицензиарлардын ишин регламенттеген "унчукпоо-макулдуктун белгиси" ченеми киргизилди. Текшерүүлөр чөйрөсүндө да реформалар жүргүзүлдү: мамлекеттик контролдоочу органдардын саны 21ден 12ге чейин кыскартылды, өткөргөн текшерүүлөрдүн саны эки эсеге кыскарды (2011-жылдагы 24,4 миң текшерүүдөн 2012-жылы 13,5 миң текшерүүгө чейин), пландуу түрдө өткөрө турган текшерүүлөрдүн мөөнөттөрү эки эсе кыскарды (юридикалык жакка 30дан 15ке чейин жана жеке жакка 5ке чейин), мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн саны 20 миңден 389га чейин кыскартылды.
Чет өлкөлүк жарандарга визаларды берүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүү, туристтик рыноктун жагымдуулугун жогорулатуу, туризмди өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу максатында 44 мамлекет үчүн визасыз режим киргизген "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды.
Фискалдык саясатты өркүндөтүү максатында:
- жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды, ошондой эле айрым жалпы мамлекеттик салыктарды тескөө функцияларын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүнү караган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты;
- айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү жүргүзгөн ишканаларга КНС төлөмү боюнча колдонуудагы салыктык жеңилдетүүлөрдүн мөөнөтү дагы үч жылга узартылды;
- камсыздандыруу төгүмдөрүн жана салыктарын тескөө боюнча жалпы негиздер түзүлдү;
- чакан жана орто ишкердик үчүн эсеп жүргүзүү жөнөкөйлөтүлдү;
- лизинг компаниялары жана операциялары үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү, ал негизги фонддорду жаңыртууга мүмкүнчүлүктөрдү берет;
- 59 ишкана пайда салыгынан бошотулган, бул бизнес жүргүзүү үчүн жакшы чара катары бааланды.
Бажы союзуна кошулуу боюнча сүйлөшүүлөр процессин жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Дүйнөлүк соода уюмунун алдындагы бажы тарифтери боюнча милдеттенмелерин, ошондой эле ченемдик укуктук актыларынын жана эл аралык келишимдердин пакеттерин даярдоону салыштырууну кошкондо, Бажы союзунун келишимдик-укуктук базасына улуттук мыйзамдардын шайкештигин талдоо боюнча иштер жигердүү жүргүзүлдү.
Бул отчетто көйгөйлөрдү жана жетишкендиктерди көрсөтүү менен 2012-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин негизги натыйжалары толук баяндалды. Макроэкономикалык туруктуулукту калыбына келтирүү жана экономикалык өсүштүн туруктуу темпине өтүүгө пайдубал түзүү үчүн дагы тиешелүү чараларды көрүү керек. Мунун бардыгы 2013-жылы кыйла максаттуу орто мөөнөттүк мезгилдеги мамлекеттик экономикалык саясатты жана этаптуу өнүктүрүүнүн экономикалык, уюштуруучулук жана укуктук чараларынын комплексин камтыган, 2013-жылдагы тийиштүү иш чараларды аткарууну талап кылат.
1.1.1. Ички дүң продуктунун көлөмү (ИДП)
2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Улуттук статистика комитетинин алдын ала баалоосу боюнча ички дүң продукциянын (ИДПнын) көлөмү 304,4 млрд. сом суммасында түзүлдү жана реалдуу алганда 0,9%га кыскарды (2011-жылы ИДПнын өсүшү 6,0% болду). Кум-Төр кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо ИДПнын реалдуу өсүшү 5,0% түздү, 2011-жылдын тийиштүү мезгилинде ушундай көрсөткүч 6,3%ды түзгөн. ИДПнын дефлятору 107,4%дын деңгээлинде түзүлдү. Калктын адам башына эсептегенде ИДПнын көлөмү 56,9 миң сомду түзүп, 2011-жылга салыштырганда 2,6%га кыскарды.
Экономиканын төмөндөшүнүн негизги себеби Кум-Төр кенинде алтындын өндүрүшүнө геологиялык факторлордун тийгизген таасиринин айынан божомолдогон деңгээлден иш жүзүндө жарымына чейин кыскарышы, ошондой эле агрардык секторго жаратылыш-климаттык шарттарынын терс таасир тийгизүүсү болду. ИДПны түзүүгө өнөр жайлык өндүрүштүн терс салымы (-)4,6 пайыздык пункттун деңгээлинде бааланды.
Экономиканын олуттуу төмөндөп кетишин тизгиндеген негизги сектор кызмат көрсөтүү чөйрөсү болуп калды, анын салымы 2,8 пайыздык пункт менен бааланат. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө реалдуу өсүшү жылдын башынан тартып 6,1%ды түздү, анын ИДПнын түзүмүндөгү салыштырма салмагы 46,6%ын ээледи.
2012-жылы ИДПнын иш жүзүндө түзүлгөн деңгээли ИДПнын болжолдонгон максаттуу көрсөткүчүнө жеткен жок, айырма 2,7 пайыздык пунктту түздү.
ИДПнын түзүмдүк талдоо көрсөткөндөй, кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү 1,6 пайыздык пунктка өстү жана 46,6%ды түздү. Айыл чарбасынын жана курулуштун үлүшү 0,9 жана 0,7 пайыздык пунктка өстү жана тиешелүүлүгүнө жараша 17,5% жана 5,7%дын деңгээлинде түзүлдү. ИДПнын түзүмүндө өнөр жай өндүрүшүнүн үлүшү 16,8%ды түздү, 2011-жылга салыштырганда 5,7 пайыздык пунктка кыскарды.
|
| 1-таблица |
Көрсөткүчтөр | 2011-жылдын январы-декабры, (иш жүзүндө) | 2012-жылдын январы-декабры, (алдын ала иш жүзүндө) | 2012-жылдын декабры, (күтүүлөр) | Өсүштүн күтүлгөндөн четтөөсү (+/-) | ||||||
иш жүзүндө млн. сом | өсүш темпи % | ИДПга карата % | иш жүзүндө млн. сом | өсүш темпи % | ИДПга карата % | ИДПнын өсүшүнө салымдын үлүшү | Күтүү млн. сом | өсүш темпи % | ||
ИДП | 285989,1 | 106,0 | 100 | 304350,1 | 99,1 | 100 | -0,9 | 305487,3 | 101,8 | -2,7 |
Айыл чарбасы | 47384,9 | 101,8 | 16,6 | 53190,1 | 101,2 | 17,5 | 0,20 | 56621,1 | 101,9 | -0,7 |
Өнөр жайы | 64308,2 | 108,1 | 22,5 | 51180,4 | 79,4 | 16,8 | -4,64 | 52716,8 | 86,3 | -6,9 |
Курулуш | 14078,3 | 102,5 | 4,9 | 17234,2 | 117,3 | 5,7 | 0,85 | 17305,2 | 119,3 | -2,0 |
Кызмат көрсөтүү | 128650,1 | 106,9 | 45,0 | 141887,2 | 106,2 | 46,6 | 2,79 | 143895,9 | 106,9 | -0,7 |
Продуктуга жана импортко таза салыктар | 31567,6 | 106,0 | 11,0 | 40858,2 | 99,1 | 13,4 | -0,10 | 34948,3 | - | - |
Отчеттук мезгилде негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү түзүүдө таасирин тийгизген негизги факторлор:
Тышкы:
Жагымдуу факторлор:
- Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөштөрү болгон өлкөлөрдөгү (Россия - 3,4%; Казакстан - 5,2%; Кытай - 7,9%, дүйнөлүк экономика - 2,3%) экономикалык өсүш;
- алтындын баасынын бир труа унциясы үчүн 1598,0 АКШ долларынан 1657,5 АКШ долларына чейин өсүшү (2012-жылдын январы-декабры), 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда өсүш 6,3%ды түздү;
- негизги соода өнөктөштөрү болгон өлкөлөрдө инфляциянын солгун көрсөткүчтөрү (Казакстан - 6,0%, Россия - 6,6%, Кытай - 2,5%, Еврочөлкөм - 2,2%);
- Вrent маркасындагы мунайга баанын орточо 0,6%га солгун өсүшү (2011-жылга салыштырганда);
- жеке жактардын акча которууларынын таза агымынын 17,5%га көбөйүшү (2012-жыл үчүн сумма 1768,5 млн. АКШ долларын түзгөн);
- соода өнөктөштөрү болгон өлкөлөрдө импорттолуучу кантка, өсүмдүк майына, күрүчкө, унга жана май алынуучу өсүмдүктөргө бажылык алымдардын алынып салышы.
Жагымсыз факторлор:
- азык-түлүк тобундагы товарларды, КММны импорттоого ички рыноктун көз карандылыгы (ун, өсүмдүк майы, кант, акшак ж.б.).
Ички:
Жагымдуу факторлор:
- инфляциянын солгун деңгээли, бул калктын кирешесинин реалдуу өсүшүн шарттады (керектөө бааларынын индекси 2011-жылдын декабрына карата 7,5%);
- товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө суроо-талабынын өсүшү (13,3%га бир айлык орточо эмгек акынын реалдуу өсүшү);
- 2011-жылга салыштырганда керектөө кредиттеринин 37,2% га өсүшү;
- 2011-жылга салыштырганда экономикага кредиттердин 26,2%га өсүшү;
- текшерүүлөрдүн, лицензиялардын жана мамлекеттик башка жөнгө салуучу чаралардын санын кыскартуу аркылуу бизнес жүргүзүүнүн шарттарын жөнөкөйлөтүү;
- фермерлерге жөнөкөйлөтүлгөн арзан кредиттерди(2), айыл чарба техникаларын лизингге берүү жана материалдык резервдин эсебинен күйүүчү-майлоочу материалдарды бөлүштүрүү(3).
Жагымсыз факторлор:
- агросекторго терс таасирин тийгизген катаал жаратылыш-климаттык шарттар (кыштын эрте түшүүсү себүү өнөктүгүн аяктаганга тоскоол болду; кыш мезгилинин узактыгы жазгы-талаа жумуштарынын кечигүүсүнө алып келди; аномалдуу кургакчылык жана өсүмдүктөрдү кайра себүүдөн улам түшүмдүүлүктүн төмөндөшү, ошондой эле тоюттун жетишсиздиги менен шартталган, март айы бою кардын жаашы малдын кырылышына алып келди);
- геологиялык факторлордун металлургия өндүрүшүнө таасирин тийгизиши (Кум-Төр кенинде);
- бизнести өнүктүрүү үчүн кредиттер боюнча жогорку пайыздык ставкалар (20,2% - орточо пайыздык ставка).
1.1.2. Керектөө бааларынын индекси
Инфляциянын деңгээлин мүнөздөөчү керектөө бааларынын индекси 7,5%ды түздү (2012-жылдын декабры 2011-жылдын декабрына салыштырганда), 2011-жылдагы ушул көрсөткүч 5,7%ды түзгөн. Инфляциянын орточо жылдык мааниси 2,8%ды түздү (2012-жылдын январы-декабры 2011-жылдын январы-декабрына салыштырганда), ал эми 2011-жылдын январы-декабрында 16,6%ды түзгөн.
2012-жылы азык-түлүк товарларына баалардын индекси айрым тамак-аш азыктары боюнча жиктелип түзүлүшү мүнөздүү болду.
Азык-түлүк товарларга баанын индекси 2012-жылдын аягында 104,5%ды түздү. Бул өсүүгө нан азыктарына жана акшактарга болгон баанын 9,3% өсүүсү таасирин тийгизди, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу жогору (-0,5%) болду, анын ичинде жогорку сорттогу буудай унунун баасынын өсүшү 17,2%ды түздү (бир жыл мурда -5,0%), биринчи сорттогу буудай уну 15,8%ды (бир жыл мурда -3,2%) түздү. Буудай унунан жасалган нандын баасы (1-сорттогу) жылдын башынан бери 18,1%га (бир жыл мурда + 3,5%) кымбаттаган.
Ошондой эле азык-түлүк товарлардын ичинен, балыкка 20,0%, (бир жыл мурда +13,9%), алкоголсуз суусундуктарга 3,7%, жемиштерге 23,1% жана сүт азыктарына, сырга жана жумурткага 8,0% өскөндүгү белгиленген.
|
| 2-таблица |
| Керектөө себетиндеги салыштырма салмагы (%) | 2012-жылдын январы-декабрында, 2011-жылдын январы-декабрына карата (%) | 2012-жылдын декабры 2011-жылдын декабрына карата (%) | 2011-жылдын декабры 2010-жылдын декабрына карата (%) | 2012-жылдын 2011-жылга карата четтөө фактысы (+;-) |
Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын индекси | 100,0 | 102,8 | 107,5 | 105,7 | 1,8 |
анын ичинде: |
|
|
|
|
|
Товарлар | 85,1 | 101,5 | 107,1 | 104,7 | 2,4 |
алардын ичинен: |
|
|
|
|
|
тамак-аш продуктулары жана алкоголсуз суусундуктар | 44,6 | 95,9 | 104,5 | 103,5 | 1,0 |
алкоголдук ичимдиктер, тамеки буюмдары | 10,0 | 109,5 | 110,2 | 109,8 | 0,4 |
азык-түлүк эмес товарлар | 30,5 | 110,1 | 109,8 | 109,2 | 0,6 |
Кызмат көрсөтүүлөр | 14,9 | 110,2 | 109,8 | 111,1 | -1,3 |
Каралып жаткан мезгилде азык-түлүк эмес товарлар 9,8%га кымбаттады. Үйдө керектелүүчү, тиричилик буюмдары 2012-жылы - 9,9%га, электр энергиясынын жана отундун башка түрлөрү - 3,9%га, ошол эле учурда газдын баасы - 10,3%га жогорулады. Жылдын башынан бери кийим жана бут кийим - 15,9%га, алардын ичинен кийим - 14,6%га, бут кийим - 18,7%га кымбаттады. Бензинге баалар жылдын башынан тартып - 2,0%га, ал эми, дизелдик май - 6,8%га жогорулаган.
Кызмат көрсөтүүнүн тарифтери жана баалары 9,8%га өстү, анын ичинен транспорттук кызмат көрсөтүүсү (жүргүнчү транспортунун кызмат көрсөтүүсү) - 11,3%га, эс алууну жана маданий иш-чараларды уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүү - 17,9%га, ресторандар жана мейманканалар - 15,8%га, амбулатордук кызмат көрсөтүүлөр - 18,0%, билим берүү - 8,5%га кымбаттады.
Региондор боюнча жалпы республикалык деңгээлден ашып кеткен 2012-жылдын башынан тартып инфляциянын айрыкча жогорку деңгээли Нарын (10,3%), Ысык-Көл (9,8%) жана Жалал-Абад (8,9%) облустарында түзүлдү. Талас облусунда тескерисинче, 2011-жылдын декабрына салыштырганда керектөө бааларынын минималдуу (5,4%га) өсүшү белгиленди.
|
| 3-таблица |
| КБИ | анын ичинде: | |||
тамак-аш продуктылар жана тамеки алкоголсуз суусундуктар | алкоголдук ичимдиктер, тамеки буюмдары | азык-түлүк эмес товарлар | калкка кызмат көрсөтүү | ||
Кыргыз Республикасы | 107,5 | 104,5 | 110,2 | 109,8 | 109,8 |
анын ичинде облустар боюнча: |
|
|
|
|
|
Баткен облусу | 108,6 | 104,7 | 107,6 | 112,8 | 112,7 |
Жалал-Абад облусу | 108,9 | 105,0 | 114,1 | 113,3 | 108,1 |
Ысык-Көл облусу | 109,8 | 105,5 | 123,5 | 113,1 | 106,9 |
Нарын облусу | 110,3 | 107,9 | 109,9 | 114,1 | 109,1 |
Ош облусу | 108,5 | 107,0 | 115,2 | 106,9 | 112,6 |
Талас облусу | 105,4 | 102,0 | 112,8 | 106,9 | 107,3 |
Чүй облусу | 105,9 | 103,9 | 104,5 | 108,1 | 108,6 |
Бишкек шаары | 107,0 | 103,8 | 108,4 | 109,8 | 109,7 |
1.1.3. Акча-кредит саясаты
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын отчеттук жылдагы аракеттери акча-кредиттик саясаттын шаймандарын колдонуу аркылуу акча базасын жөнгө салуунун жолу менен инфляциянын монетардык түзүмүн чектөөгө багытталган тең салмактуу акча-кредиттик саясатты жүргүзүүгө багытталды.
Акча базасы 2012-жылдын аягында 64,5 млрд. сомду түзүү менен 17,7%га көбөйгөн (2011-жылда көбөйүү 12,8%ды түзгөн).
Жүгүртүүдөгү акчалардын көлөмү 2012-жылы 58,3 млрд. сомду түзгөн, ал жыл башынан бери 16,8%га көбөйдү (2011-жылы 15,2%га көбөйгөн).
М2(4) акча агрегаты 24,7%га көбөйүү менен жылдын башынан бери 77,5 млрд. сомду түзгөн, 2011-жылы 15,6%га көбөйгөн.
Кеңири акча массасынын М2Х өлчөмү (М2 + чет елкө валютасындагы депозиттер) 23,8%га көбөйгөн жана 98,5 млрд. сомду түзгөн (2011-жылы көбөйүү 14,9%ды түзгөн). М2Х өсүшүнө негизги салымды депозиттердин(5) көлөмүнүн көбөйүүсү кошту, ал жыл башынан бери 36,1%га, 44,0 млрд. сомго чейин көтөрүлгөн (2011-жылы 16,5%га көбөйгөн). Мында, банктардан тышкары акчанын көлөмү 15,5%га, 54,5 млрд. сомго чейин көбөйгөн (2011-жылы 13,9% көбөйгөн).
Экономикага кредит(6) 2012-жылдын акырына карата 42,0 млрд. сомду, ал эми анын өсүшү 26,2%ды түзгөн (2011-жылы 20,8%га өскөн).
2012-жылга каралган акча-кредит саясатынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн басаңдатуу максатында чара көрдү. АКШ долларынын сомго карата расмий курсу 2012-жылдын башынан тартып 1,97%га, январь айынын башындагы 1 АКШ доллары үчүн 46,4847 сомдон 2012-жылдын декабрынын аягында 1 АКШ доллары үчүн 47,4012 сомго чейин жогорулаган.
Өлкөнүн финансылык туруктуулугу эл аралык камдыктардын олуттуу топтолушу менен камсыздалды, алар 2012-жылдын 31-декабрына карата 2066,6 млн. АКШ долларын түздү жана жыл башынан бери 232,1 млн. АКШ долларына же 12,7%га өскөн, ал эми коммерциялык банктардын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы чет элдик валютадагы депозиттерин эске албаганда, 208,3 млн. АКШ долларына же 11,4%га көбөйгөн жана 2042,8 млн. АКШ долларын түзгөн.
2012-жыл бою төмөндө келтирилген жагдайлар эл аралык камдыктардын дүң көлөмүнө таасирин тийгизди: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өлкөнүн ички рыногунда өткөргөн валюталык операциялары; эл аралык камдыктарды башкаруудан түшкөн кирешелер; эл аралык камдыктардын курамына кирген валюталардын алмашуу курстарынын өзгөрүүсү; баалуу металлдарга баалардын өзгөрүүсү; Кыргыз Республикасынын ички рыногунда алтынды сатып алуу боюнча операциялар; Кыргыз Республикасынын тышкы милдеттенмелери боюнча төлөөлөр.
|
| 4-таблица |
Көрсөткүчтүн аталышы | Ченөө бирдиги | 2011-жылдын декабры, мурунку мезгилдин көрсөткүчтөрү | 2012-жылдын декабры, иш жүзүндөгү көрсөткүч | Абсолют. өзгөрүү (+,-) | Өсүш темпи % |
Акча базасы | млн.сом. | 54803,2 | 64488,8 | 9685,6 | 17,7 |
Жүгүртүүдөгү акчалар | млн.сом. | 49866,9 | 58252,2 | 8385,2 | 16,8 |
Банктардан тышкары акчалар (М0) | млн.сом. | 47219,6 | 54521,2 | 7301,6 | 15,5 |
Акча массасы (М2) | млн.сом. | 62125,3 | 77460,0 | 15335,2 | 24,7 |
Акча массасы (М2Х) | млн.сом. | 79527,8 | 98482,9 | 18955,1 | 23,8 |
М2Хге кирген депозиттер | млн.сом. | 32308,2 | 43961,7 | 11653,5 | 36,1 |
Экономикага кредиттер | млн.сом. | 33321,9 | 42036,5 | 8714,6 | 26,2 |
Алмашуу курсу | сом./ долл.АКШ | 46,4847 | 47,4012 | 0,9165 | 2,0 |
1.1.4. Банк тутумунун өнүгүү тенденциялары
2012-жылдын 31-декабрына карата(7) Кыргыз Республикасынын аймагында 23 коммерциялык банк(8) (Пакистандын Улуттук банкынын Бишкектеги филиалын кошкондо) жана 278 коммерциялык банктардын филиалдары иштеген.
2012-жылдын 31-декабрына карата банк тутуму жалпысынан 2417,8 млн. сом өлчөмүндө таза пайда алган.
Банк секторунун позитивдүү өнүгүү динамикасы белгиленүүдө, бул жыл башынан тартып банк системасынын суммалык активдерин 29,9%га, жалпысынан 2012-жылдын 31-декабрына карата кардарларга кредиттердин көлөмү 26,7%га көбөйдү, ошондой эле депозиттер боюнча: юридикалык жактардыкы - 33,0%га, жеке жактардыкы - 36,3%га өсүш болгондугу белгиленди, бул банк системасына ишеним артылгандыгын чагылдырат.
2012-жылдын жыйынтыгы боюнча банк тутумунун жалпы депозиттик базасы(9) 53,25 млрд. сомду түзүп, жыл башынан бери 32,2% көбөйдү, алардын ичинен:
- ишканалардын жана калктын депозиттери жыл башынан бери 34,6%га өсүү менен 43,3 млрд. сомду түзгөн;
- банктардын жана башка ФКМдердин депозиттери жыл башынан бери 52,9%га өсүү менен 5,2 млрд. сомду түзгөн;
- бийлик органдарынын депозиттери жыл башынан бери 0,9%га көбөйүп, 4,8 млрд. сомду түзгөн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди эсептөөдө колдонулган банк тутумунун таза суммалык капиталынын көрсөткүчү жыл башынан бери 2,45 млрд. сомго же 18,3%га өсүү менен 31-декабрга карата 15,89 млрд. сомду түзгөн.
Банк тутумунун финансылык ортомчулугунун жалпы деңгээли (активдер/ИДП) 29,8%ды (2012-жылдын башында- 24,4%) түзгөн.
2012-жылдын жыйынтыгы боюнча жеке жактардын акча которууларынын таза келүүсү 1768,5 млн. АКШ долларын түзүп, 2011-жылдын көрсөткүчүн 17,5%га көбөйгөн. Мурдагыдай эле, келип түшкөн акча которуулардын негизги үлүштүк салмагы Россия Федерациясына тиешелүү болгон (90,0%).
1.2. Реалдуу сектордун өнүгүшү
1.2.1. Агрардык сектор
2012-жыл үчүн бардык категориядагы чарбаларда айыл чарбасынын дүң продукциялары колдонуудагы баада 167,5 млрд. сомго өндүрүлгөн. 2011-жылга салыштырганда өсүш темпи 101,2%га өскөн, анын ичинде мал чарбасы - 101,8%ды (80,1 млрд. сом), өсүмдүк өстүрүү - 100,6%ды (84,5 млрд. сом) түздү.
|
| 5-таблица |
Көрсөткүчтүн аталышы | 2011-жылдын январы-декабры иш жүзүндө | 2012-жылдын январы-декабры алдын ала | 2012-жылдын январы-декабры күтүлгөн | 2012-жылдын күтүлгөн көрсөткүчтөн четтөө (+,-) |
Айыл чарба, млн. сом | 149221,6 | 167505,3 | 168965,6 | -1460,3 |
өсүү темпи, % | 102,0 | 101,2 | 101,9 | -0,7 |
анын ичинен: |
|
|
|
|
Өсүмдүктөрдү өстүрүү, млн. сом | 75299,7 | 84526,2 | 89492,6 | -4966,4 |
өсүү темпи, % | 103,5 | 100,6 | 102,4 | -1,8 |
Мал чарбасы млн. сом | 71081,7 | 80138,8 | 76856,4 | 3282,4 |
өсүү темпи, % | 101,0 | 101,8 | 101,5 | 0,3 |
Кызмат көрсөтүү, млн. сом | 2622,2 | 2622,2 | 2527,9 | 94,3 |
Аңчылык жана токой чарбасы, млн. сом | 218,1 | 218,1 | 45,1 | 173,0 |
Балык улоо, балык өстүрүү, млн. сом | 54,8 | 54,8 | 43,6 | 11,2 |
2012-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл чарбасындагы өндүрүш күтүлгөн деңгээлге 0,7 пайыздык пунктка жетпей калды. Буга табигый факторлордун: кыштын эрте түшүүсү, бул күзгү себүү өнөктүгүн бүтүрүүгө мүмкүндүк бербеди, аномалдуу кургакчылыктын, суунун аз болушу, сел менен коштолгон нөшөрлөгөн жамгырдын терс таасири себеп болуп калды, мындан Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Талас облустарынын чарбакер субъекттери олуттуу зыян тартышты, анын кесепетинен айыл-чарба өсүмдүктөрү жабыркады.
2012-жылы аба-ырайынын жагымсыз шарттарынын натыйжасында, себилген дан өсүмдүктөрүнүн (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) 2,6 миң га, май өсүмдүктөрүнүн 151 га, пахтанын 35 га, жашылчанын 84 га, картошканын 53 га, тамекинин 31 га жана кант кызылчасы 285 га жерлери чыгаша болуп, эсептен чыгарылды.
2012-жылы айыл чарба өсүмдүктөрү айдалган бардык аянт 1165,7 миң га түздү, бул 2011-жылга караганда 6,5 миң га (0,6%га) көп.
2012-жылда иштетилбей калган жерлер 2011-жылга салыштырмалуу 8,0 миң га азайып, анын көлөмү 103,5 миң га түздү. Айдоо жерлеринин иштетилбей калгандыгынын негизги себептери болуп өткөн жылдагыдай эле катуу кайрак жерлер (52,1 миң га), алыстыгы жана жердик таштак болушу (18,2 миң га), суунун жетишсиздиги жана сугат тарамдарынын оңдолбой калгандыгы (13,3 миң га), жердин туздуу болуп кеткендиги жана сазга айлангандыгы (5,8 миң га), күйүүчү-майлоочу майлардын, үрөндүн жана техниканын жетишсиздиги (2,6 миң га), акча каражаттарынын жетишсиздиги (5,2 миң га) эсептелди.
Мал чарбасы. Республиканын бардык категориядагы чарбакер субъекттери тарабынан 352,5 миң тонна тирүү салмактагы эт өндүрүлдү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5986,0 тоннага же 1,7%га көп. Эт өндүрүүнүн көбөйүшү негизинен ири мүйүздүү малдын санынын 39,7 миң башка, кой жана эчкилердин санынын 250,4 миң башка, жылкылардын санынын 10,5 миң башка жана үй канаттууларынын санынын 65,4 миңге көбөйгөнүнүн эсебинен болду.
2012-жылы республикада 1382,4 миң тонна сүт өндүрүлдү, бул 2011-жылдын көрсөткүчүнөн 24,3 миң тоннага же 1,8%га көп. Республиканын бардык облустарында сүт өндүрүү көлөмү өстү.
Отчеттук мезгил ичинде республикада 416,8 млн. даана жумуртка өндүрүлдү, бул 2011-жылга салыштырганда 24,0 млн. даанага көп, же 6,1%га өстү. Республиканын бардык облустарында жумуртка өндүрүү көбөйдү, Ысык-Көл облусунда гана 72,7 млн. даана жумуртка өндүрүлүп, 2011-жылга караганда 3,4 млн. даанага аз болду. Жумуртка өндүрүүнүн азайышынын негизги себеби үй канаттууларынын саны 11,9 миңге азайганынан болду.
Республикада 11,3 миң тонна жүн өндүрүлдү, бул 2011-жылга салыштырганда 2,1%га көп. Бардык облустарда жүндү дүң өндүрүү отчеттук мезгилде өткөн жылдагы деңгээлден жогору болду.
Өсүмдүк өстүрүү. Дан эгиндери (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречканы кошпогондо) 568,6 миң га жерге айдалды (бардык себүү аянтынын 48,8%ы). Мында, күздүк буудай айдоо аянты 70 миң га (28,2%га) кыскарды, ал эми жаздык буудай аянты тескерисинче 17,1 миң га жерге көбөйдү (13,1%га).
Отчеттук жылда буудай 324,5 миң га аянтка себилип, 322,7 миң га аянттан жыйналды же себилген аянттан 1,8 миң га жерге аз болду.
Буудайдын түшүмдүүлүгүнүн салмагы иштетилгенден кийин гектарына 16,8 центнерди түздү же өткөн жылдагыдан гектарына 4,6 центнерге аз болду, анын себеби Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы кургакчылык жана суунун аздыгы болду, анткени мында буудай себилген аянттын 60%ы жайгашкан. Чүй облусундагы түшүмдүүлүк гектарына 16,1 центнерди түздү жана 2011-жылга салыштырганда гектарына 8,2 центнерге аз болду, ал эми Ысык-Көл облусунда түшүмдүүлүк - 13,5 ц/га түзүп, 2011-жылга караганда 5,6 ц/га аз болду.
2012-жылы арпа жалпысынан республика боюнча 147,3 миң га жерге, же өткөн жылдагыдан 24,0 миң га жерге көп себилген. Арпанын түшүмдүүлүгү дагы кургакчылыкка кабылып, 14,5 ц/га түздү же өткөн жылдагы көрсөткүчтөрдөн 4,7 ц/га аз болду. Арпанын себүү аянты көбөйтүлгөндүгүнө карабастан дүң жыйноо 212,7 миң тоннаны түздү, бул өткөн жылдагыдан 21,0 миң тоннага аз.
2012-жылы айыл чарбасынын дүң продукцияларын өндүрүү боюнча көлөмүнүн реалдуу өсүшү Баткен (108,3%), Жалал-Абад (107,1%), Ош (105,6%), Талас (100,0%) облустарынын жана Ош шаарынын (100,6%) чарбалык субъекттери тарабынан камсыздалган. Нарын (99,1%), Ысык-Көл (93,6%), Чүй (95,9%) облустарында өткөн жылдагы деңгээлге жетишилген жок.
Минералдык жер семирткичтер менен камсыздалуу. 2012-жылы республиканын дыйкан жана фермер чарбаларынын минералдык жер семирткичтерге болгон керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн 340,0 миң тонна минералдык жер семирткич керек эле, анын ичинен 200,0 миң тонна - азоттук, 129,1 миң тонна - фосфордук жана 11,7 миң тонна - калий. Отчеттук жылда 90,0 миң тоннага жакын минералдык жер семирткич алынып келинген.
Суу чарбасы. Бардыгы болуп 918 суу техникалык курулмасы, 819 гидропост, 101 насостук станциясы оңдолгон; ошондой эле узундугу 168,1 км сугат каналдарын, 13,13 км узундуктагы коллектордук-дренаждык тармактарды механикалык тазалоо боюнча иштер жүргүзүлдү. 303,6 км узундуктагы ири каналдарда капиталдык оңдоолор жүргүзүлдү.
Ички рыногунун негизги тамак-аш азыктары менен камсыздалуусу. 2013-жылдын 1-январына карата республика боюнча негизги тамак-аш азыктары менен камсыздалуу өткөн жылдын калдыгын эсепке алганда, өздүк өндүрүштүн эсебинен төмөндөгүдөй болду: нан азыктары боюнча - 110,3%, картошка - 298,2%, сүт - 112,0%, эт - 56,9%, жашылча - 161,6%, өсүмдүк майы - 27,9%, кумшекер - 9,4%, жумуртка - 40,2%.
Жазгы талаа иштерин өз убагында өткөрүүгө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана 2012-жылы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы № 50 "2013-жылы Кыргыз Республикасында жазгы талаа иштерин өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө", Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 487 "Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноону өз учурунда жана уюшкандыкта жүргүзүү боюнча жана 2013-жылдын түшүмүнө күзгү себүүнү жүргүзүүнүн белгиленген программасын аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомдорду кабыл алган;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы № 50 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги сертификацияланган үрөндөрдү тендердик негизде 50,0 млн. сомго сатып алган, бөлүнгөн акча каражатынын 28,7 млн. сомуна: 6530,435 миң сомго 346,5 тонна жазгы буудайдын үрөнү, 9781,44 миң сомго 492,0 тонна арпанын үрөнү, 7552 миң сомго 36,895 тонна беденин жана 4789,085 миң сомго 60,665 тонна эспарцеттин үрөндөрү сатылып алынды. Булар региондорго бөлүштүрүлүп берилди;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 487 токтомуна ылайык күздүк буудай сатып алууга 21,3 млн. сом акча каражаты бөлүнүп, 620 тонна үрөн тендер аркылуу алынды. Үрөндөр товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык мамлекеттик комиссиянын протоколдоруна ылайык бөлүштүрүлдү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы № 50 токтомуна ылайык, Мамлекеттик үрөн фондунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондусу тарабынан топтолгон 1452,7 тонна (646,9 тонна + 805,8 тонна) көлөмдөгү жазгы буудайдын жана арпанын үрөндөрү товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык мамлекеттик комиссиянын протоколуна ылайык региондорго бөлүштүрүлдү;
- Бүткүл дүйнөлүк Банктын коомдук үрөн фондуларын (КҮФ) түзүү боюнча программанын алкагында жаңы 31 КҮФ ачуу максатында төмөндөгү өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү жазгы эгүү үчүн сатылып алынды: 6,0 тонна беденин, 85,0 тонна жаздык арпанын, 65,0 тонна жаздык буудайдын, 60,0 тонна жаздык арпанын, 100,0 тонна картошканын үрөнү. Күздүк эгүүгө, 313,0 тонна күзгү буудай үрөнү жана 500,0 тонна минералдык жер семирткичтер тендердик негизде фермерлерге таратылып берилди;
- Германия эл аралык кызматташтыктын GIZ долбоору боюнча 2012-жылдын жазгы себүүсүнө Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын фермерлерин колдоо максатында: 300,0 тонна буудайдын, 136,0 тонна картошканын, 30,0 тонна жүгөрүнүн, 6,0 тонна май өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү берилди;
- 2012-жылдын жазгы талаа иштерин өз убагында өткөрүү үчүн республиканын айыл-чарбалык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана 2012-2013-жылдары мал чарбасын андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы № 49 "Фермерлерге арзан кредит-2" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтому кабыл алынды. Бул токтомго ылайык республикалык бюджеттен 1,0 млрд. сом акча каражаты жеңилдетилген кредиттерди берүү үчүн бөлүнгөн, ал акча каражаттары "Айыл Банк", ААКы "РСК Банк" ААКы аркылуу бөлүштүрүлгөн, иш жүзүндө 700 млн. сом суммадагы кредит берилди, анын ичинен мал чарбачылыкка - 350 млн. сом, өсүмдүктөрдү өстүрүүгө - 350 млн. сом;
- 2012-жылдагы кескин жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттардын айынан (кыштын эрте түшүүсү күзгү себүү жумуштарын аяктаганга мүмкүндүк берген жок) азык-түлүк коопсуздугуна келтирилген коркунучту болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Казакстан Республикасы менен 200 миң тонна көлөмүндө буудай сатып алуу жөнүндө жана Россия Федерациясынын Айыл чарба министрлиги менен 100,0 миң тонна буудай жеткирүү жөнүндө келишимге жетишти, анын ичинен 20,0 миң тонна гуманитардык жардам, 80,0 тонна 1 жылдык мөөнөткө кредит катары берилет.
1.2.2. Өнөр жай(10)
2012-жылдын январы-декабрында өнөр жай ишканалары тарабынан 133,8 млрд. сом суммасына продукция өндүрүлдү же өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөшү 2011-жылдын салыштырганда 20,2%ды түздү. Кум-Төр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эске албаганда - 83,2 млрд. сом, же реалдуу өсүш 106,1%ды түздү.
Региондор боюнча талдоо көрсөткөндөй, өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн өсүшүнө республиканын бардык региондорунда жетишилди, буга Ысык-Көл облусу кирбейт (2011-жылдын деңгээлинен 55,1%).
2012-жылы өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн реалдуу өсүшү Баткен (15,3%га), Жалал-Абад (4,9%га), Ош (9,4%га), Нарын (3,4%га), Талас (14,5%га), Чүй (1,5%га) облустарынын жана Бишкек (2,2%га), Ош (9,4%га) шаарларынын чарбалык субъекттери тарабынан камсыздалган.
|
| 6-таблица |
Аталышы | 2012-жыл үчүн өнөр жайдын жалпы көлөмүндөгү салыштырма салмак | 2011-жыл январь-декабрь иш жүзүндө | 2012-жыл январь-декабрь алдын ала | 2012-жыл күтүлүүчү | Күтүлүүчү көрсөткүчтөн четтөө (+,-) |
Өнөр жай, бардыгы | 100,0 | 111,9 | 79,8 | 87,1 | -7,3 |
анын ичинде Кум-Төр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда | 62,1 | 118,8 | 106,1 | 107,1 | -1,0 |
Кум-Төр кенин иштетүү боюнча ишканалар | 37,9 | 103,3 | 52,5 | 70,3 | -27,8 |
Иштетүүчү өнөр жай | 76,4 | 109,8 | 72,8 | 83,0 | -10,2 |
Электр энергиясын, газды жана сууну өндүрүү жана бөлүштүрүү | 18,4 | 122,4 | 105,2 | 105,9 | -0,7 |
Кен казуу өнөр жайы | 5,2 | 124,6 | 122,5 | 106,8 | 15,7 |
Өнөр жай өндүрүшүнүн иш жүзүндөгү көлөмү 2012-жылда күтүлгөн 7,3 пайыздык пунктка жеткен жок. Анын негизги себеби болуп иштетүүчү өнөр жайындагы өндүрүш көлөмдөрүнүн төмөндөшү эсептелет.
(1) Кайра иштетүү өнөр жайында, өнөр жай продукцияларын өндүрүүдө эң жогорку салыштырма салмак (76,4%) менен 2012-жылы продукциянын көлөмү 102,3 млрд. сомду түздү жана 2011-жылга салыштырмалуу реалдуу түрдө 27,2%га азайды. Негизги себеби геологиялык факторлордун таасиринин натыйжасында металлургиялык өндүрүштө (Кум-Төр кенинде) көлөмдүн дээрлик 50,0%га азайышы эсептелет, ал өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө эң чоң салыштырма салмакты ээлейт (40,0%) жана анын терс салымы ИДПнын түзүмүндө (-)5,3 пайыздык пункт деңгээлинде бааланат.
Андан сырткары резина жана пластмасса буюмдардын өндүрүүдө көлөмдүн азайышы (23,8%га), машина жана жабдуулардын (33,5%га), булгаары, булгаарыдан жасалган буюмдары жана бут кийим өндүрүү (22,0%га) азайышы байкалууда, алардын суммалык салыштырма салмагы өнөр жайдын жалпы түзүмүндө болгону 2,2%ды гана ээлейт. Төмөндөөнүн негизги себеби болуп табыштамалардын жоктугунан жана базарда импорттук товарлардын болушунан ишканалардын токтоп турушу эсептелет.
Отчеттук мезгилде кайра иштетүүчү өнөр жайдын ишинин натыйжасына оң таасирин тийгизген өндүрүштөрдүн катарына тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканалардын туруктуу иштерин кошууга болот, буга төмөнкүлөр да кирет: суусундуктар жана тамеки, реалдуу өсүш темпи 3,5%га, текстиль жана тигүү өндүрүшү - 12,5%га, башка металл эмес минералдык продуктуларды өндүрүү боюнча - 16,4%га, алардын салыштырма салмагы өнөр жайдын түзүмүндө дээрлик 30,0%ды ээлейт, ошондой эле транспорт каражаттары жана жабдуулар - 8,8%га, целлюлоза-кагаз жана басма өндүрүшү - 32,2%га, химиялык өндүрүш - 22,7%га.
Суусундуктарды жана тамекини кошкондо, тамак-аш азыктары өндүрүшүндөгү 3,5%га реалдуу өсүш этил спиртин 27,4%га, иштетилген суюк сүттү - 31,7%га, дан эгиндеринен унду - 15,5%га, жууган майды - 8,3%га өндүрүүнү көбөйтүүнүн эсебинен камсыздалган.
Башка металл эмес минералдык продуктулар өндүрүшүндө цементти 21,2%га, цементтен жана бетондон жасалган конструкциялардын элементтерин - 13,6%га, бетондон жасалган конструкцияларды - 3,9%га, товардык бетонду - 52,6%га өндүрүүнү көбөйтүүнүн эсебинен реалдуу өсүш 16,4%ды түздү.
Отчеттук жылда республиканын бардык цемент заводдору ийгиликтүү иштеди: "Кант цемент заводу" ААК 2011-жылдагы көлөмдүн деңгээлин 11,3%га, "Түштүк-Кыргыз цемент" ЖАКы - 36,5%га жана "Түштүк курулуш материалдар комбинаты" ЖЧКсы - 15,8%га жогорулатты. "Күрмөнтүцемент" ААКы чийки заттар менен болгон кыйынчылыктарга карабастан, 3,5 миң тонна цемент өндүрдү, бул 2011-жылдын деңгээлине карата 175,0%ды түздү. Мында бардык цемент заводдор толук өндүрүштүк кубаттуулукта иштегендигин белгилөө керек.
Узакка созулган пландуу оңдоодон кийин "Интергласс" ЖЧКсы 2012-жылдын июнь айында ишке киргизилип, 1130,0 млн. сом суммасына 13,2 млн. кв.м айнек чыгарды.
Текстиль жана тигүү өндүрүшүндөгү көлөмдөрдүн 12,5%га өсүшү, жумушчу кийимдерин чыгаруу 5,7 эсеге көбөйүшү, трикотаж кийиминен тышкары, эркектер жана балдар үчүн сырт кийим - 1,6 эсе, аялдар жана кыздар үчүн кийим - 1,5 эсе көбөйүшү камсыздалган. 2012-жылдын сентябрында "Алтын-Була" ЖЧКсы, "Перимтекс" ЖЧКсы, "Лиматекс корпорациясы" ЖЧКсынын Ноокен бөлүмү, "Мата" ААКсы ж.б. сыяктуу 15 текстилдик ишкананын иши жандандырылган.
2012-жылдын январь-декабрында өнөр жайда жүгүртүү каражаттарынын жетишсиздигине, чийки заттын жана заказдын жоктугуна байланыштуу 21 ишкана токтоп турган.
(2) Электр энергиясын, газ жана суу өндүрүүдө, бөлүштүрүүдө (салыштырмалуу салмагы - 18,4%) 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча продукция көлөмү электр энергиясын берүү жылуулук көлөмүнүн 16,4%га жана аны бөлүштүрүүнүн 6,8%га көбөйүшүнүн эсебинен 5,2% реалдуу өсүш темпи менен 24,6 млрд. сомду түздү.
2012-жылы электр энергиясын иштеп чыгаруунун көлөмү 15265,6 млн. кВтс же 2011-жылдагы деңгээлине жакын болду.
2012-жылдагы электр энергиясын экспорттоонун жалпы көлөмү 1593,9 млн. кВт. саатты же 2011-жылдын деңгээлинен 57%ды (2798,4 млн. кВтс) түзгөн.
БЭК түйүндөрүндөгү электр энергиясына жоготуулар 2361,9 млн. кВт.саат же келип түшкөндүн 21,2%ын (план 18,5%) түзүп, 2011-жылдагыга салыштырмалуу 1,1%га аз болгон.
2012-жылы жылуулук энергиясынын иштетип чыгуу 3102,4 миң Гкал түздү, бул 2011-жылдагы деңгээлден 2,1%га көп.
2012-жылы республикага 355,5 млн. куб.м газ келип түшкөн, бул 2011-жылдагыдан 7,5%га көп болду. 2011-жылга салыштырганда ченемден ашык жоготуулар 5,4 млн. куб.м га (18,0 млн. м.куб 23,4 млн. куб.м га каршы) азайган.
2013-жылдын 1-январындагы абалы боюнча Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү - 14,95 млрд. куб.м, ал 2011-жылдагы деңгээлден 2,3 млрд. куб.м га аз.
Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо. 2012-жылы өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо жана электр энергиясын чыгарууну көбөйтүү максатында төмөнкү иш-чаралар аткарылган:
- Борбордук Азиянын Биргелешкен энергетикалык система чектеринде Казак Республикасынын, Өзбек Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык системаларынын параллелдик иши камсыздалган;
- өлкөнүн түштүк аймагын электр менен жана Төмөнкү-Нарын каскады гидростанциялардын берүү кубаттуулугун ишенимдүү камсыздоого, электр энергияны сатуу рыногун кеңейтүү жана кошуна мамлекеттердин энергосистема тармактарынан транзит үчүн төлөмдөрдөн күтүлүүгө мүмкүндүк берген менчик энергетикалык шакекчени түзүү боюнча долбоорун ишке ашыруу боюнча:
- "Айгүлташ-Самат" 110 кВ ЭПЛнин курулушу аяктады;
- "Датка" 500 кВ ПС жана республиканын түштүгүндө 220 кВ ЭПЛнин курулушу улантылып жатат;
- 500 кВ "Датка-Кемин" жана 500 кВ "Кемин" ПС электр өткөрүүчү линиясынын курулушу" долбоорунун ишке ашыруу башталды;
- ГЭСтин ишин 30-40 жылга узартууга мүмкүндүк берген "Токтогул ГЭСинин реабилитациялоо" долбоорун ишке ашыруу башталды;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялар каскадын жана Камбарата ГЭС-1 куруу жана пайдалануу жөнүндө келишимге кол коюлду;
- "Кыргызстан УЭС" ААКсынын ачык айкындуулугун жогорулатуу жана электр энергиядан жоготуусун азайтуу максатында "Энергетика секторун өнүктүрүү" долбоору ишке ашырылып, маалыматты эсептөөгө жана чогултууну автоматташтырууга мүмкүнчүлүк берген АСКУЭ жана SCADA системалары киргизилип жатат;
- Бишкек жана Ош шаарларын электр менен камсыз кылуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу программасына, ошондой эле техникалык жоготууларды азайтууга ылайык төмөнкүлөр аткарылды: 110 кВ 4 подстанцияларында экинчи кезектердин курулуштары аякталды (Бишкек шаарында Парковая, Арча-Бешик, Мамбетов жана Ош шаарында Төлөйкан), 220 жана 110 кВ 9 подстанцияда 11 трансформатор алмаштырылган (Бишкек шаарында Ала-Арча, Аламүдүн, Каражыгач, Тепличная, Молодогвардейская, Ош шаарында Узловая, Ош-6, Беш-Мойнок, Анар). Натыйжада, кошумча 110 кВ 4 трансформатор ишке киргизилген, 353 МВА трансформатор кубаттуулуктарына, анын ичинде Бишкек шаарында 237 МВА жана Ош шаарында 116 МВА төп келген, 220 жана 110 кВ 12 трансформаторлордун кубаттуулуктары көбөйгөн;
- 2012-жылда Чүй жана Талас облустарында "Түндүкэлектро" ААК 35/6-10 14 ПСда 15 кубаттуулук трансформатор алмаштырылган, анын ичинде Бишкек шаарында 5 трансформатор алмаштырылган, алардын номиналдуу кубаттуулугу 32,3 мВтка көбөйгөн. 66 кошумча ТП 6-10/0,4 кВ трансформатор подстанциялары орнотулган. Алардын ичинде Чүй облусунда - 27, Талас облусунда - 6, Бишкек шаарында - 35. Ошондой эле Бишкек шаарында 9 трансформатордук подстанция курулуш стадиясында, 2 трансформатордук подстанциянын курулушуна кошумча тендер жарыяланган, 1 трансформатордук подстанциянын долбоорлоо-сметалык документтери иштетүү стадиясында;
- Бишкек шаары боюнча 6-10 кВ 41, 9 км кабель линиялары орнотулган, кабелдик линиялар үчүн 3 км казылган траншеялар даярдалган, 3,9 км кабель линиялары жогорку сапаттууларга алмаштырылган;
- Ош шаарында "Ошэлектр" ААКсы тарабынан "Достук" кичи районунда 35/10-6 подстанциясынын курулушу аякталган, "Ош-1" ПС 35/6да кВ 10 МВА кубаттуулугу орнотулган жана ишке киргизилген, ошондой эле "Ош-3" ПС 35/6да 4 МВА кубатындагы Т-2 трансформатор 6,3 МВА кубатындагы трансформаторго алмаштырылып ишке киргизилген. 11,244 км жалпы узундуктагы кабелдердин алмаштыруу иштери аткарылган, анын ичинде 7,9 км 6-10 кВ кабелдик линияларда жана 0,4 кВ кабелдик линияларда - 3,317 км;
- "Жалалабадэлектр" ААКсында трансформаторлор эң кубаттуу 35/6-10 кВ 4 ПСде трансформаторлоруна алмаштырылган ("Ажиматов" "Жаңы-Жол", "Промышленная", "Ключевая");
- кайра жаңырган энергия булактарын (КЭБ) өнүктүрүү максатында Меркадос ЕМI (Испания) консорциуму жана "Русгидро" ААКсы (Россия) тарабынан "Кыргыз Республикасында чакан гироэнергетиканы өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу" долбоору боюнча иш жүргүзүлүп жатат. I фазанын чектеринде консорциум тарабынан Кыргыз Республикасында чакан жана орто гидроэлектрстанцияларын өнүктүрүүнүн базистик баалоосу даярдалды, КЭБди колдоо жана аны интеграциялоонун механизмдерин кароо иштери жүргүзүлгөн. II фазанын чегинде 4 чакан ГЭСтер (Орто-Токой - 20 мВт, Ой-Алма- 7,7 мВт, Сокулук - 5 - 1,5 мВт, Төрткүл - 3 мВт) үчүн ТЭТ иштеп чыгарылган, III фазанын чегинде белгиленген 4 чакан ГЭСтердин тендер документтерин иштеп чыгуу жана тендерди өткөрүү каралган;
- "Бишкек жана Ош шаарларын электр менен камсыз кылууну жакшыртуу" долбоорун ишке ашыруу улантылууда;
- жабдуулардын жана тармактардын техникалык абалын мониторинги такай өткөрүлүүдө (бөлүштүрүү электр компанияларында 110 кВ подстанциялардын 6/10 кВ тармактарында авариялык өчүрүүлөрдүн жалпы саны 14%га азайды, анын ичинде "Түндүкэлектр" ААКсында - 13,4%га, "Жалалабадэлектр" ААКсында - 38,2%га, "Ош электр" ААКсында - 10%га, бир гана "Чыгышэлектро" ААКсында 1,6%га көбөйдү);
- тармактарды жана калкты күз-кыш мезгилине даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-апрелиндеги № 257 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча чаралар жөнүндө", 2012-жылдын 18-октябрындагы № 725 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы жөнүндө" токтомдору кабыл алынган.
2011-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эл аралык финансылык институттар менен активдүү кызматташтыгынын аркасында энергетика тармагына 809,58 млн. АКШ долл. каражаты тартылган.
(3) Кен казуу өнөр жайында 2012-жылы 6,9 млрд. сомго продукция өндүрүлүп, 2011-жылга салыштырганда 22,5%га өстү, анын ичинде отун-энергетикалык кендерди казып алуу - 8,8%га өстү жана башка кендерди казып алуу - 1,7 эсеге өстү. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн көбөйүшү базальтты 3,3 эсеге, көмүрдү, лигнитти - 32,1%га, жаратылыш газын - 7,1%га, жаратылыш кумдарын - 14,7%га, эстеликтер же курулуш үчүн граниттин, кумду жана колдонулган таштарды - 1,6 эсеге казып алуулардын өскөндүгү менен белгиленет.
Кен казууда негизги көйгөйлүү маселелер: инженердик жана техникалык кесипкөй кызматкерлердин, жумушчулардын жетишсиздиги, инвестициялардын жоктугу, запастардын азайышы, жабдуулардын эскириши, иштетилген жана изилденген кендерде, жумуш аянттарында жергиликтүү калктын тирешүүсү болуп эсептелет.
Тоо кен өнөр жайын өнүктүрүү максатында мамлекеттин, жергиликтүү калктын жана кен казуусун пайдалануучулардын кызыкчылыктарын оптималдуу балансын эске алуучу, Кыргыз Республикасынын тоо кен тармагын реформалоо жана стабилдүү өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган мыйзам долбоорлорунун пакеттери иштелип чыккан жана кабыл алынган (2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 2012-жылдын 9-августундагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 2012-жылдын 9-августундагы № 159 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 2012-жылдын 9-августундагы № 162 "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы).
Кабыл алынган мыйзамдарда төмөнкү ченемдер камтылган:
- жергиликтүү калк менен жер казынасын пайдалануучулар ортосунда чыр-чатактын деңгээлин төмөндөтүү максатында, кендерди иштеткенде жер казынасын пайдалануучулар үчүн жергиликтүү калкты иш орундары менен камсыз кылуу, жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү боюнча социалдык жоопкерчилигин караштырган социалдык пакет киргизилген;
- "унчукпоо макулдуктун белгиси" ченемин киргизүү аркылуу жыл сайын бериле турган отчетко бюрократиялык жол-жоболордун тийгизген деңгээлин азайтуу;
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү аркылуу жер казынасын пайдалануучулар үчүн жер участокторун берүүнүн укуктук режимин жөнөкөйлөтүү;
- жер казынасын пайдалануучуларды кен чыккан жерди натыйжалуу жана тез иштетүү үчүн кызыктыруу максатында, кен чыккан жерде кендерди тез ара мөөнөттө ишке киргизүү үчүн, кен чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана кенди иштетүү лицензияларын кармагандыгы үчүн прогрессивдүү салык төлөмү киргизилген;
- алтындын дүйнөлүк баасынын улам алмашып туруусун жана жөнөкөй башкарууну эске алуу менен кыйла адилеттүү жаңы киреше (иштеп чыгаруу үчүн) салыгы киргизилген.
1.2.3. Курулуш комплекси
2012-жылдын жыйынтыгы боюнча каржылоонун бардык булактарынын эсебинен негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 62,5 млрд. сомду түздү жана 21,5%га өстү. Өсүшү тоо кен казуу өнөр жай обьекттерин куруу - 1,6 эсе, иштетүү өнөр жай - 3 эсе, электр энергиясын, газ менен сууну өндүрүү жана бөлүштүрүү - 2,7 эсе, соода, автомобилдерди, турмуш-тиричилик буюмдарды жана жеке колдонулуучу нерселерди оңдоо - 1,9 эсе, финансы иши - 5,6 эсе, кыймылсыз мүлк операциялары, ижара жана керектөөчүлөргө тейлөөлөрдү көрсөтүү - 3,3 эсе, билим берүү - 1,3 эсе, коммуналдык, социалдык жана жеке тейлөөлөрдү көрсөтүү - 1,4 эсе көбөйткөндүгүнүн эсебинен камсыздалды.
Ошону менен бирге эле 2012-жылы мейманканалар жана ресторандардын курулуштарында, транспорт жана байланыш обьекттеринде жана турак-жай курулушунда инвестициялардын төмөндөшү байкалды, жалпы көлөмдөгү алардын үлүшү 22%га чейин кыскарды. Мында байланыш обьекттеринде өздөштүрүлгөн инвестиция 66,6%, транспорттогу 20,1% жана турак-жай курулушунда 12,1%га төмөндөдү.
|
| 7-таблица |
Көрсөткүчтөр | 2012- жылы алдын ала иш жүзүндө | 2011-жылы иш жүзүндө | Иш жүзүнөн четтөө (+,-) | 2012-жылы күтүлүүдө | Күтүлүүдөн четтөө (+,-) |
Курулуштун дүң продукциясы, млн. сом | 54625,0 | 44616,3 | 10008,7 | 54265,5 | 359,5 |
Өсүш темпи, % | 117,3 | 102,5 | 14,8 | 119,3 | -2,0 |
Негизги капиталга инвестициялар, млн. сом | 62625,0 | 49369,2 | 13255,8 | 60871,7 | 1753,3 |
Өсүш темпи, % | 121,5 | 96,9 | 24,6 | 118,1 | 3,4 |
Ички инвестициялар, млн. сом | 42192,7 | 36422,3 | 5770,4 | 43645,0 | -1452,3 |
Тышкы инвестициялар, млн. сом | 20432,3 | 12946,9 | 7485,4 | 17226,7 | 3205,6 |
2012-жылы 25196,1 млн. сом суммасындагы негизги фонддор колдонууга берилген, мында өздөштүрүлгөн инвестициялардын бир сомуна негизги фонддун 2011-жылдагы 0,9 сомуна каршы 0,4 сом туура келди.
Ички инвестициялык каражаттардын суммалык үлүшү өздөштүрүлгөн капиталдык салымдын жалпы суммасынын 67,4%ын (өнүгүүгө кошкон салымы 8,12 пайыздык пункт) жана тышкы инвестициянын - 32,6%ын түздү (салымы - 13,37 пайыздык пункт).
2011-жылга салыштырганда негизги капиталдагы ички инвестициянын көлөмү 11,0%га көбөйдү, анын ичинен ишканалардын жана уюмдардын каражаттары - 20,2%га, калктын каражаттары - 16,4%га. Ошону менен бирге, республикалык бюджеттен инвестициялар 31,6%га, жергиликтүү бюджеттин каражаты - 12,9%га жана банктын насыялары - 6,6%га төмөндөдү.
Тышкы булактардан негизги капиталдагы инвестициянын көлөмү 1,5 эсе көбөйдү, анын ичинен чет өлкөлүк түз инвестициялар 1,9 эсеге, чет өлкөлүк насыялар боюнча инвестициялар 42,0%га жана чет өлкөлүк гранттар, гуманитардык жардамдар 29,2%га өстү.
Отчеттук мезгилде "Талас-Тараз-Суусамыр", "Ош-Эркечтам", "Ош-Исфана", "Бишкек-Нарын-Торугарт", "Түштүк транспорт коридору" автоунаа жолдорун куруу жана реконструкциялоо, "Аймактык жол коридорун жакшыртуу" долбоору боюнча жолдорду реабилитациялоо иштери жүзөгө ашырылды.
Региондук бөлүктө 2012-жылы капиталдык салымдын көлөмү Жалал-Абад облусунда 2,1 эсеге көбөйдү (инвестициянын өсүшүнө салымы 10,30 проценттик пунктту түздү), Нарын облусунда - 1,7 эсеге (салымы - 2,09 проценттик пункт), Ысык-Көл облусунда - 1,6 эсеге (салымы - 12,52 проценттик пункт) жана Чүй облусунда 32,7%га (салымы - 4,59 проценттик пункт) көбөйдү.
2012-жылы жалпы аянты 824,8 миң чарчы метр болгон 8539 батир колдонууга берилген, же 2011-жылдын деңгээлине карата 95,3%. Турак үйлөрдү 2012-жылы (баалоо боюнча) негизги капиталга инвестициянын 12676,9 млн. сом жумшалды, бул 2011-жылдын деңгээлине салыштырмалуу 11,9%га аз.
Турак үйлөрдү куруу жана пайдаланууга берүү негизинен, калктын каражатынын эсебинен ишке ашырылды (жалпы киргизүүдөн 87%).
2012-жылы курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 54,6 млрд. сомду түзгөн же 2011-жылга салыштырганда 17,3%га көбөйгөн, бирок божомолдогон көрсөткүчкө 2,0 пайыздык пунктка жетпей калды.
Региондук бөлүктө негизги курулуштун өндүрүшүнүн үлүшү Бишкек шаарына туура келет - курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмүнүн - 27,9%, реалдуу өсүш 101,2%ды түздү, Ысык-Көл облусу - 19,6% (өсүү темпи 365,1%), Чүй облусу - 15,7% (өсүү темпи 107,7%), Жалал-Абад облусу - 12,7% (өсүү темпи 143,3%).
Ошондой эле 167,7% деңгээлде бир кыйла өсүү темпи Нарын облусунда байкалууда, анын курулуштун жалпы көлөмүнүн дүң продукциясындагы үлүшү 5,0% болду.
Өсүү темпинин азайышы Баткен, Ош жана Талас облустарында жана Ош шаарында белгиленди, алардагы өсүү темпинин деңгээли 2011-жылга салыштырганда иретине жараша 91,3%, 77,1%, 80,2%, 57,5% түздү.
Кыргыз Республикасынын Улуттук академиясынын сейсмология институту иштеп чыккан сейсмологиялык райондоштуруунун жаңы картасын киргизүүгө байланыштуу, 2012-жылдын 15-апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын аймагында Курулуштун нормалары жана эрежелери 20-02:2009 "Сейсмологиялык туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери" ченемдик документине № 1 Өзгөртүү бекитилген жана ишке киргизилген. Бул өзгөртүүлөр менен 1996-жылдагы карта 2011-жылдагы картага менен алмаштырылды.
1.2.4. Кызмат көрсөтүү чөйрөсү
2012-жылы кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн дүң чыгаруусунун көлөмү 258,4 млрд. сом көлөмүндө болуп, реалдуу өсүштүн темпи 106,1%ды түздү. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өсүшү соода тарабынан камсыздалган, мында өсүш 10,1%ды түздү (салымы 3,1 пайыздык пункт), ошондой эле, мейманкана жана ресторандык кызмат көрсөтүүдө - 11,9%ды (салымы 0,55 пайыздык пункт), транспорт жана байланышта - 8,8%ды (салымы 1,9 пайыздык пункт) түздү.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү реалдуу өсүштүн темпи бул мезгилде күтүлгөн деңгээлге 0,4 пайыз пунктунда жетишилген жок, бул транспорт жана финансы иши чөйрөсүндөгү өсүш темпинин солгундоосу менен шартталган.
|
| 8-таблица |
Көрсөткүчтөр | 2011-жылдын январь-декабры | 2012-жылдын январь-декабры | 2012-жылдын январь-декабры | Январь-декабрь четтөөлөр (+,-) | |
иш жүзүндө | алдын ала иш жүзүндө | күтүү | 2011-жылдан | 2012-жылдан күтүү | |
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү: |
|
|
|
|
|
- млн. сом | 232390,7 | 258397,8 | 261582,2 | 26007,1 | -3184,4 |
- өсүш темпи, % | 108,7 | 106,1 | 106,5 | -2,6 | -0,4 |
Соода, автомобилдери, тиричилик буюмдарын оңдоо: |
|
|
|
|
|
- млн. сом | 72436,5 | 81827,3 | 82446,5 | 9390,8 | -619,2 |
- өсүш темпи, % | 110,1 | 110,1 | 107,9 | 0 | 2,2 |
Транспорт: |
|
|
|
|
|
- млн. сом | 29583,7 | 34095,7 | 36425,6 | 4512 | -2329,9 |
- өсүш темпи, % | 117,2 | 108,6 | 114,4 | -8,6 | -5,8 |
Байланыш: |
|
|
|
|
|
- млн. сом | 19441,3 | 21336,0 | 21308,6 | 1894,7 | 27,4 |
- өсүш темпи, % | 110,8 | 109,2 | 105,6 | -1,6 | 3,6 |
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн түзүмүндө рыноктук кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 74,4%ды түзөт, мында 2012-жылда дүң чыгаруунун реалдуу өсүү темпи 7,2% менен 192,2 млрд. сомду түздү, ал эми рыноктук эмес кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 25,6%ды түзүп, мында реалдуу өсүшү 3,0%га көбөйдү.
2012-жылы соода жүргүзүү, автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жеке колдонуу предметтерин оңдоонун көлөмү 286,5 млрд. сомду, реалдуу өсүш темпи 2011-жылга салыштырганда 111,1%ды түздү. Үлүшү 86,6%дан ашкан чекене жана дүң соода 8,0 пайыздык пунктта кумулятивдик салымды сооданы жүгүртүүнүн өсүшүнө кошту. Сооданы жүгүртүүгө айрыкча көп салымды мотор отунун чекене соодалоо кошту. Мунай продуктыларына суроо-талаптын жогору болуусунун негизинде мотор отуну соодасы 24,4%га өстү.
Ошондой эле сооданы жүгүртүүнүн өсүшүнө курулуш-подряддык жумуштардын көлөмүнүн 16%га көбөйүшүнүн негизинде курулуш материалдарын (жыгачтан жасалган материалдары, цемент, айнек, курулуш кирпичи) сатуунун өсүшү таасир тийгизди.
Региондор боюнча алганда, сооданын өсүшүнө негизги салымды Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустары жана Бишкек шаары кошту, алардын кумулятивдик салымы 9,0 пайыздык пунктта бааланууда. Баткен (83,8%) облусунан бөлөк, бардык облустарда 2011-жылга салыштырганда чекене соода жүргүзүүнүн көлөмүнүн өсүшүнүн оң темпи байкалууда.
2012-жылда транспорт жана байланыш кызматынын кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө салымы 1,9 пайыздык пунктту түздү. Транспорт кызматынын дүң чыгарылышы 34,1 млрд. сом көлөмүндө болду, реалдуу өсүштүн темпи 108,6%ды түздү.
Өткөн мезгилде жүргүнчүлөрдү ташуунун реалдуу өсүшүнүн темпи 108,1%түздү.
Жүк ташуу 2011-жылга салыштырганда 1,1 пайыздык пунктка өстү. Мында жүк ташуунун өсүшү транспорттун бардык түрлөрү боюнча байкалды: темир жолу боюнча жүк ташуу 15,6%га өстү.
2012-жылы автомобиль жолдорун оңдоого жана күтүүгө 1634,1 млн. сом каржыланган, анын ичинде мамлекеттик капиталдык салымдарынын суммасы - 181,3 млн. сом. Бул 2011-жылга караганда 7,5%га көп (1519,2 млн. сом).
2012-жылы жол уюмдары тарабынан аткарган иштердин көлөмү 1865,2 млн. сомду түздү, 2011-жылга салыштырмалуу 134,7%га көп.
2012-жылы 375,8 км жол оңдолуп түзөлдү. Анын ичинде, 136,5 км асфальт бетон төшөлгөн, бул болсо, 2011-жылдын көрсөткүчүнүн 179,0% түздү, 119 км узундукта быдыр бетон менен жабуу жүргүзүлгөн, 128,9 км шагыл төшөлүп, 2 км кара шагыл төшөлдү жана жалпы узундугу 84 п/метр 5 көпүрө курулду. 251,2 миң кв.м аянтында 219,1 млн. сомдук же 2011-жылга карата 116,2% чуңкурларды оңдоп-түзөөлөр жүргүзүлдү.
Болуп өткөн табигый кырсыктардын натыйжасында жалпы узундугу 134,7 км автожолдор талкаланууга дуушар болду, жалпы узундуту 255 м 9 көпүрө жана ар түрдүү диаметрдеги жалпы узундугу 351 м болгон 27 суу өткөргүч түтүктөр талкаланган.
Кырсык келтирген жалпы зыян 204,8 млн. сомду түздү, анын 88,1 млн. сому жол уюмдарынын күчү менен калыбына келтирилген.
Отчеттук мезгилде чет элдик инвестициялардын эсебинен автожолдорду реабилитациялоо долбоорунун ишке ашыруу улантылды. Толук масштабдуу реабилитациялык жумуштар жүргүзүлүп жаткан 7 долбоордун ичинен 6 долбоордо жумуштардын негизги көлөмү бүткөрүлдү. Анын аркасында Ош-Сарыташ-Эркечтам автожолу боюнча бүткүл 258 км узундуктагы түз өтүү камсыз кылынды. Ошондой эле 136 км Сарыташ-Карамык автожолундагы кыймыл ачылды. Ош-Баткен-Исфана автожолу боюнча Сох анклавын айланып өткөн, узундугу 92 км Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен айланма жолунун курулуп бүтүшү тоскоолдуктарсыз кыймылды камсыздады.
2012-жылдын ноябрында эки долбоор боюнча жумуштардын негизги көлөмдөрү бүттү: Дүйнөлүк банктан 25 млн. АКШ доллары суммасында каржыланган 123-155 км чейинки участок жана Ош-Баткен-Исфана автожолунун 155-220 км чейинки участогу, ага ЕРРБ 35 млн. АКШ долларынын көлөмүндө зайымдык каражат бөлгөн. Кытай Эл Республикасынын "Синьцзян-Бейсин Роуд энд Бридж Констракшн Лтд" компаниясы Генералдык подрядчик болду.
Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 9-272 км участогунда жумуш улантылды, аткарылган жумуштардын көлөмү 153,4 млн. АКШ долларын же контракттык баанын 77,5%ын түздү.
103-148 км участокто (II фаза, Боом капчыгайы) жер жумуштары, жер полотносун түзүү улантылды, ИССО жана таяныч дубалдарын куруу боюнча бетон жумуштары аякталды. 33 км узундуктагы жол бөлүгүнүн бардык кеңдиги боюнча эки катмарлуу асфальт бетон төшөө жумуштары бүттү. Аткарылган жумуштардын көлөмү 48,3 млн. АКШ долларын же 64,1%ын түздү.
2012-жылдын сентябрында Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) 20 млн. АКШ доллары өлчөмүндө грант ишке ашырылган, Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 400-239 кмда (БНТ-1 долбоору) реабилитациялоо жумуштары толугу менен бүткөрүлдү. Ушул долбоор боюнча үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен Ат-Башы айылына баруучу 4,2 км жол капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.
Ошондой эле "Транспорт коридору - 1 БАРЭК" экинчи долбоору боюнча, 365-400 км жана 439-479 км боюнча жумуштар улантылды.
2012-жылы Бишкек-Торугарт жолун реабилитациялоонун үчүнчү долбоору боюнча, 479-539 км, участоктун узундугу 60 км, 55 млн. АКШ доллары суммасында АӨБ менен болгон Насыялык макулдашууну ратификациядан өткөрүү боюнча жол-жоболор жүргүзүлдү. Консультант жана жалдануучу менен Контрактка кол коюлду. Курулуш жумуштары 2013-жылы башталат.
"Тараз-Талас-Суусамыр" автожолун реабилитациялоонун III фазасынын алкагында, 75-105 км участогу боюнча Кувейтте 2012-жылдын 10-14-мартында АКГнын мүчөлөрү менен жогоруда көрсөтүлгөн долбоорду биргелешип каржылоого АӨБ (10 млн. АКШ доллары) жана Сауд Өнүгүү фонду (10 млн. АКШ доллары) тарабынан келишимге жетишилди. Долбоордун жалпы наркы - 22,1 млн. АКШ доллары (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биргелешип каржылоо үлүшү - 2,075 млн. АКШ доллары).
Азыркы учурда республика боюнча 1807 конуштар бар, алардын 1616 конушу 89,5%ы автобустук каттамдар менен тейленет. Бир жылдын ичинде бардыгы 9 автобустук каттам кайрадан ачылды жана 15и калыбына келтирилди.
2012-жылы Кыргыз темир жолу аркылуу жүк ташуу 923,1 млн. т/км, же 2011-жылга карата 115,6%ды түздү. Жүргүнчүлөрдү ташуу 75,8 млн. жүргүнчү/км түздү, же 2011-жылга салыштырганда 91,5%.
2012-жылдын ичинде кыргыз авикомпаниялары тарабынан 830677 жүргүнчү ташылды, анын ичинде, эл аралык рейстер боюнча - 590991 жана ички рейстер менен - 239686, бул өткөн жылга салыштырганда 14,68%га көп.
Бишкек-Баткен, Бишкек-Жалал-Абад, Бишкек-Исфана ички аба линиялары боюнча туруктуу каттамдар кайра жаңыртылды.
Бишкек-Кожент, Бишкек-Сеул, Бишкек-Сургут, Бишкек-Иркутск, Ош-Сургут жаңы эл аралык каттамдар ачылды.
Краснодар-Бишкек, Бишкек-Омск, Ош-Стамбул каттамдары чет өлкөлүк компаниялар тарабынан ачылды.
Почта ташуунун көлөмү боюнча 25,8%га өсүш байкалууда, ал эми жүк ташуулар боюнча 2011-жылга салыштырганда 41,8%га төмөндөө байкалды.
29 млн. АКШ доллары өлчөмүндө АКШнын Өкмөтү бөлгөн гранттык каражаттардын эсебинен аэронавигациялык жабдууларды модернизациялоо программасынын алкагында "Манас" эл аралык аэропортунун аймагында 7 кабат мунаранын курулушу аякталды.
2012-жылы байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн өсүү темпи ошондой мезгилге салыштырганда 9,2%га көбөйдү жана 21,3 млрд. сомду түздү.
Уюлдук байланыштын абоненттеринин саны 6324,7 миңге жетти жана Кыргызстандын бардык калкына карата камтуу 13,9%га өстү. Бул бүгүнкү күндө республиканын калкы бир эле учурда 2-3 уюлдук байланыш операторунун кызматын пайдалана алат дегенди түшүндүрөт. Уюлдук абоненттердин суммалык саны азыр эле белгиленген тармактардын абоненттик базасынан 12,8 эсеге (493 миң абонент) ашты. Интернет-кызматтарын колдонуучулардын саны 3204,4 миң абонентти түздү.
Ысык-Көл облусунда байланыштын була-оптикалык линияларынын узундугу 102 км (мындан ары - ББОЛ) курулушу аякталды, Талас облусунда 97 км, Бишкек-Ош-Баткен - 235 км ББОЛ магистралын уюштуруу боюнча, 2012-жылы жалпы узундугу 375 км Кара-Балта - Жалал-Абад ББОЛ курулушу аякталды.
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында DVВ-Т стандартындагы санариптик берүүлөрдү жайылтуу долбоору ишке ашты. Санариптик берүүлөр менен Ош облусунун калкынын 67%ы, Жалал-Абад облусунун калкынын 35%ы, Баткен облусунун калкынын 95,7%ы жана Чүй облусунун калкынын 64%ы, Бишкек шаарынын калкынын 98%ы камтылды (тест режиминде).
Программалык камсыздоо рыногун жана маалымат технологиялар индустриясын өнүктүрүү, жаңы жумушчу орундарын жана мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүгө жакшы чөйрөнү түзүү максатында Кыргыз Республикасында Жогорку технологиялар паркын (мындан ары - ЖТП) түзүү боюнча жумуштар аткарылды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркын түзүү жөнүндө" токтому менен ЖТПнын Байкоочу кеңеши жөнүндө Жобо; ЖТП резиденттерин каттоо тартиби жөнүндө Жобо жана ЖТП Дирекциясынын Уставы бекитилди. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 3-декабрындагы № 888 буйругу менен КР ЖТПнын Байкоочу кеңешинин курамы бекитилди.
2012-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгында "Кыргызтелеком" ААКсынын байланыш объектилеринде капиталдык салымдар 129,5 млн. сом көлөмүндө өздөштүрүлдү, анын ичинде өздүк каражаттардын эсебинен - 126,2 млн сом, калктын каражаттарынын эсебинен - 3,2 млн. сом.
2012-жылы аткарылган "Кыргызпочтасы" көрсөткөн кызматтардан 466,3 млн. сом план белгиленсе, 499 млн. сом суммасында киреше түшкөн. Негизинен кирешелердин өсүшү кызматтардын жаңы түрлөрүн жана алар боюнча технологияларды жайылтуунун эсебинен камсыздалды.
Мейманкана менен ресторандардын дүң кызмат көрсөтүүлөрү 12,1 млрд. сом көлөмүндө түзүлдү, реалдуу өсүш темпи 111,9% түздү.
Туризм. Алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген туристтердин саны 2012-жылдын январь-декабрь айларында 368,7 миң адамга көбөйгөн(11) жана 3393,2 миң адамды түзгөн (2011-жылы - 3024,5 миң адам). Туристтик иш чөйрөсүндөгү дүң кошумча нарк 2012-жылы(12) 14267,9 млн. сомду (2011-жыл - 12877,2 млн. сом болгон) жана 10,8%ды түзгөн. Туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту 677,7 млн АКШ долларды түздү, 2011-жылга салыштырганда 46,4 млн. АКШ долларына көп.
Инвестициялык жана туристтик жагымдуулукту жогорулатуу максатында "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, анда 44 мамлекеттин жарандары үчүн визасыз режим киргизилген.
Алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн жарандарынын келүүсүнүн санынын өсүшүнө Кыргызстанда учурдагы жылда 14 жаңы авиа каттамды ачуу да көмөк берди.
1.3.1. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы
2012-жылдын январь-декабрында мамлекеттик бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 86768,4 млн. сомду же белгиленген пландуу милдеттин 96,8%ын түзгөн. Отчеттук мезгилде мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешесинин үлүшү ИДПга карата 28,5%ды түздү. Өткөн жылдын көрсөткүчү менен салыштырганда бюджеттин жалпы кирешелери, негизинен салыктык кирешелердин өсүшүнө байланыштуу 12,1%га же 9344,1 млн. сомго өстү.
МИП гранттарын жана атайын каражаттарды эсепке албаганда жалпы кирешелердин планы 98,1%га аткарылды. Өткөн жылдын деңгээли менен салыштырганда МИП гранттарын жана атайын каражаттарды кошпогондо жалпы кирешелердин көлөмү 8687,1 млн. сомго же 12,9%га көбөйдү.
|
| 9-таблица |
2011-жылдын январы-декабры иш жүзүндө | 2012-жылдын январы-декабры алдын ала | Иш жүзүндө четтөө (+/-) |
77424,3 | 86768,4 | 9344,1 |
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-апрели № 217
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-майындагы № 277 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тиркелген отчету көңүлгө алынсын." (мындан ары - Отчет).

- Вre№t маркасындагы мунайга баанын орточо 0,6%га солгун өсүшү (2011-жылга салыштырганда);