Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-апрели № 170
Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-октябрындагы № 632, 2012-жылдын 9-октябрындагы № 691 2013-жылдын 26-февралындагы № 97, 2013-жылдын 30-декабрындагы № 713, 2014-жылдын 2-октябрындагы № 573, 2014-жылдын 11-декабры № 700, 2015-жылдын 1-апрели № 177, 2015-жылдын 7-апрели № 201, 16 июня 2015 года № 369 , 2019-жылдын 30-майындагы № 236, 2020-жылдын 17-январындагы № 11 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүү жана иретке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 1-майынан тартып улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелердин, балдардын, чоң кишилердин психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелеринин, ден соолугунун мγмкγнчγлγгγ чектелген балдар γчγн γй-бγлѳ тибиндеги балдар γйлѳрγнγн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун, үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү борборлордун кызматкерлери, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жана улгайган жарандарды үйүнө барып тейлеген социалдык кызматкерлер үчүн базалык маяналар 1 жана 2-тиркемелерге ылайык белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 691, 2014-жылдын 2-октябрындагы № 573, 2014-жылдын 11-декабры № 700 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- калкты социалдык коргоо системасынын социалдык стационардык мекемелеринин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун, үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү борборлордун кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары (3-тиркеме);
- улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелердин, психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелердин, балдар (акыл-эси өспөй калган балдар жана дене боюнда кемчиликтери бар балдар үчүн), ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун, социалдык стационардык мекемелеринин, үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү борборлордун кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптар (4-тиркеме);
- балдар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелердин администрациялык-чарбалык жана медициналык персоналынын типтүү штаттары (5-тиркеме);
- чоң кишилер үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелердин администрациялык-чарбалык жана медициналык персоналынын типтүү штаттары (6-тиркеме);
- улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелердин администрациялык-чарбалык жана медициналык персоналынын типтүү штаттары (7-тиркеме);
- Оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык жардам берүү борборунун администрациялык-чарбалык жана медициналык кызматкерлеринин типтүү штаттары (8-тиркеме).
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун административдик-чарбалык жана медициналык персоналдарынын типтүү штаттары (9-тиркеме);
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун административдик-чарбалык жана медициналык персоналдарынын типтүү штаттары (10-тиркеме).
- ден соолугунун мγмкγнчγлγгγ чектелген балдар γчγн γй-бγлѳ тибиндеги балдар γйлѳрγнγн административдик-чарбалык жана медициналык кызматкерлеринин типтγγ штаты (11-тиркеме);
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 691, 2014-жылдын 2-октябрындагы № 573, 2014-жылдын 11-декабры № 700 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Иштеген жылдары үчүн, илимий даражасы, ардак наамы, бийик тоолуу, алыскы жана жетүүгө кыйын болгон шарттардагы, эмгектин өзгөчө шарттарындагы иши үчүн калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлерине үстөк акылардын өлчөмдөрү ченемдик укуктук актыларга ылайык белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги:
- социалдык коргоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө боюнча зарыл эсептерди 2011-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин;
- калкты социалдык коргоо системасынын социалдык стационардык мекемелеринин кызматкерлеринин жана үйүнө барып тейлеген социалдык кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын.
5. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 7-апрели № 201 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомду ишке ашыруу үчүн зарыл каражаттарды "2011-жылга республикалык бюджет жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бөлсүн.
7. 2011-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кире турган 2 жана 5-пункттардын жоболорун кошпогондо бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 30-мартындагы № 184
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2011-жылдын 19-апрели № 170