Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2015-жылдын 15-июнундагы № 358

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2011-жылдын 20-апрелиндеги №177

токтому менен бекитилген

Кошумча нарк салыгы боюнча отчетту толтуруу жана берүү

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-февралындагы № 73 , 2013-жылдын 11-мартындагы № 126

токтомдорунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (мындан ары Салык кодекси) жараша иштелип чыккан жана Салык кодексинин IX бөлүгүнө ылайык кошумча нарк салыгын эсептөөгө жана төлөөгө багытталган кошумча нарк салыгы боюнча отчеттун формасын толтуруу тартибин аныктайт.

2. Кошумча нарк салыгы боюнча отчет төмөндөгүлөрдөн турат:

1) Кошумча нарк салыгы боюнча отчет (FORM STI-062);

2) КНС боюнча отчетко "Нөлдүк ставкадан айырмаланып, стандарттык ставка боюнча салык салынуучу товарларды (иштерди, тейлөөлөрдү) өткөзүү" 01 тиркеме (FORM STI-062-001);

3) КНС боюнча отчетко "Нөлдүк ставкадан айырмаланып, стандарттык ставка боюнча салык салынуучу айыл чарба продукцияларынын өнөр жайлык кайра иштетилген товарларын өткөзүү" 02 тиркеме (FORM STI-062-002);

4) КНС боюнча отчетко "Нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу товарларды (иштерди, тейлөөлөрдү) өткөзүү" 03 тиркеме (FORM STI-062-003);

5) КНС боюнча отчетко "КНСтен бошотулган товарларды (иштерди, тейлөөлөрдү) өткөзүү" 04 тиркеме (FORM STI-062-004);

6) КНС боюнча отчетко "Сатып алынган материалдык ресурстар боюнча чегерүүгө жаткан КНСтин суммасы" 05 тиркеме (FORM STI-062-005).

3. Кошумча нарк салыгы боюнча отчеттун жана анын тиркемелеринин 001, 201 жана 202-саптарында көрсөтүлүүчү маалымат бирдей болууга тийиш.

4. КНС боюнча отчет кийинки отчеттуулук мезгилиндеги айдын 25-күндөн кийинки күн, ал эми ири салык төлөөчүлөр тарабынан кийинки отчеттуулук салык мезгилиндеги айдын акыркы күнүнөн кеч эмес берилет.